Шайлоодон кийин 1-6 класстын окуучулары мектепке барып окушат

Иллюстративдик сүрөт

Өлкөнүн мектептеринде 1-6-класстардын окуучулары 6-октябрдан тарта мектепке барып окуп башташат. Бул тууралуу чечим 30-сентябрда республикалык штабдын отурумунда кабыл алынды.

Ага ылайык, окуучулар, мугалимдер жана мектеп кызматкерлери санитардык-гигиеналык нормаларды сактоого тийиш. Алардын ден соолугу медкызматкерлер тарабынан көзөмөлдөнүп, дене табы өлчөнүп турушу жана беткап тагуусу керек болот.

Ошондой эле балдар аралыкты сактоо менен отургузулуп, колдорун бат-баттан жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынаары айтылат. Ал эми кызматкерлер үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда илдеттин белгилеринин бар же жогу тууралуу анкета толтуруп турушат.

«Мектеп балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. Бирок бул иш-чарада пайдаланыла турган каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдө гана колдонулат. Билим берүү жайларынын желдетүү тутумунун иштөөсүн жана класстык бөлмөлөрдө тыныгуу учурунда абанын алмашуусун камсыз кылуу боюнча иштер уюштурулмакчы», — деп жазылат штабдын маалыматында.

Мектеп жамааты беткап, дезинфекциялоочу каражаттар жана дене табын өлчөөчү тепловизор менен кандайча камсыз кылынаары азырынча белгисиз.

Мындан сырткары, мектептерде иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынып, ата-энелердин жана башка кишилердин имаратка кирүүсүнө тыюу салынат. Эгер мектеп окуучуларыны жалпы саны 200гө чейин болсо алар кадимки режимде окушат.

Ал эми алардын саны 350гө чейин болсо класстардын сабактарынын башталышынын убактысында айырма болуп, эгер алардын саны 500гө чейин болсо окуучулар смендик режимде окушат.

«Ыңгайсыз» онлайн-окуу жана коронавирустун экинчи толкуну

Буга чейин өкмөт күзүндө коронавирустун экинчи толкуну болот деген кооптонуудан улам жаңы окуу жылында биринчи класстын гана окуучуларынын мектепке барышына уруксат берилип, калгандары окуусун онлайн түрүндө улантып жаткан.

Ата-энелер жана окуучулар онлайн-окутуу ыңгайсыз болуп жатканын айтып, нараазычылыктарын билдиришкен — алардын кээ бирлеринде интернет жана керектүү гаджеттер жок болуп, ал эми айрым ата-энелердин окутууга жөндөмү же убактысы болгон эмес.

Ал эми окуучулардын саны аз 62 мектеп гана кадимки режимде иштеп баштаган.

Кыргызстанда 2200дөн ашык мектеп бар, ал жакта миллиондон ашык окуучу билим алат.