«5 миң сом». Өзгөндөгү «Республиканын» үгүтчүсүнүн өлүмү тууралуу шектүүнүн жана күбөлөрдүн версиялары

Маркум үй-бүлөнүн жалгыз уулу болгон. Сүрөт: Kloop

Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында «Республика» партиясынын өкүлү Замир Ормон уулу 30-сентябрда киши колдуу болду. Партия укук коргоо органдары окуяны «үй-бүлөлүк чыр-чатак» деп тийиштүү деңгээлде иликтебей коёт деп чочулоодо. Ош ОИИБинен Ормон уулунун өлүмүнө шайлоонун тиешеси жок деп ишендиришти.

Маркумдун жакындары «Клоопко» окуянын чоо-жайын билишпесин айтышты. Алар Ормон уулунун өлүмү тууралуу Орусияда жүргөн бир туугандарынан угушуп, маркумдун сөөгүн өлүкканадан табышкан.

Анын атасынын агасы Чолпонбай Жумалиев маркум 25 жашта болуп, үй-бүлөнүн жалгыз уулу болгонун айтты. Анын артында бир жарым жашар уулу калган.

«Бизге аябай күйүмдүү, элпек болчу. Атасы беш жылдан бери төшөктө жатат, баса албайт. Бир өзү бүт баарын карачу. Окуянын чоо-жайынан кабарыбыз жок. Сөөктү коюп бүттүк, эми мыйзам чегинде иш жүргүзөбүз», — дейт ал.

Ошондой эле ал, инисинин кайсы бир партия менен иштешкенинен кабары жоктугун кошумчалап, укук коргоо органдары ишти жакшы иликтебесе «мусулман элинин өзүнүн мыйзамдарына таянып, иш жүргүзүшөөрүн» айтты.

Ош ОИИБи тасма таратты. Анда окуяга күбө болгондор жана шектүү окуя кандай болгонун түшүндүрүп, өз версияларын айтышкан.

Маркумдун досунун версиясы

Ал эми маркумдун досу окуяга шайлоонун тиешеси жок деген версияны карманып, чыр пикир келишпестиктен келип чыккан дейт.

«Түнкү саат 10 жарымда экөөнүн ортосунда пикир келишпестик болду. Биздин айылда аке же “братан” деш керек. Шектүү Замирди антип атабай койгонунун айынан “сен эмнеге антесин, чоңоюп калгансыңбы?” деп сүйлөшүп жатышкан. Андан кийин ызылдашып, сөгүшүп кетишти», — дейт ал.

Ал маркум алгач шектүүгө кол көтөргөн дейт. Кийинчерээк шектүүнүн достору келип аны алып кетишкен. Маркум да, шектүү да мас абалында болушкан.

Маркумдун достору да аны үйүнө жеткиришкен. Бирок ал үйүндө калуудан баш тартып, унаадан түшпөй койгон. Ал учурда ага шектүү чалып, кайрадан жолугушууну сунуштаган.

«Ага барбай эле коюуну сунуштап, алаксытып борбордук көчө менен дарыканага келдик. Досум ошол жерден түшүп калгандан соң, мен ага таарынымыш болуп анда мен кеттим деп унааны айдагам», — дейт ал.

Ормон уулу унаадан түшүп калган соң анын жанына шектүү басып келген.

«Жолугуп эле мушташып кетишти. Мен 50 метрдей жылып кеткем, аларды унаанын айнегинен көрүп калдык. Жанымдагы башка досум менен экөөнү ажыратканы барсак, шектүүнүн колунда бычак бар экен. Замир белин кармап калды. Аны дароо эле унаага салып, ооруканага жеткирдим», — деп маркумдун кандайча бычакталганын түшүндүрдү ал.

Ошондой эле ал, өзү «Ресупблика» партиясынын агитатору экенин ачыктап, маркум ага уюштуруу иштеринде жардам берип жүргөнүн айтты.

«Замирдин портери бар болчу. Мен анын үстүндө жүрүп сүйлөчүмүн, элди чогулушка чакырып. Шектүүнүн кайсы партияда иштегенин билбейм, ал күнү партия жөнүндө сөз болгон жок», — деди ал.

Шектүүнүн досунун версиясы

Окуяга күбө болгон шектүүнүн досу окуя маркум менен шектүүнүн ортосундагы жаңдал пикир келишпестиктен улам келип чыккан деген версияны тастыктады.

Анын айтымында, 30-сентябрга караган түнү ага шектүү чалып, аны Ормон уулу жана анын достору «уруп койгонун» айткан. Ал окуя болгон жерге барып Ормон уулунун досторунун биринен шектүүнү унаасы менен үйүнө жеткирип коюусун суранып, алып кеткен.

«Досум “Замирден баары бир өч алам, ал мени жөндөн жөн уруп койду” деп кек сактап калган эле. Маркум бизден бир жашка чоң болгону үчүн гана үстөмдүк кылып, досума “сен менин братишкамсың, сени урсам болбойбу” деген ою менен уруп, чыр чыккан», — деди ал.

Ошондой эле ал маркум менен шектүү баары чогуу бир мектепте окугандыгын айып, мурда ортосунда душмандык болгон эмес деп ишендирди.

«Түшүнбөстүк болуп кетти»

Шектүү берген түшүндүрмөсүндө маркум ага басым кылып кол көтөргөнүнөн улам «түшүнбөстүк болуп кеткенин» айтты. Ал да окуяга шайлоонун тиешси жок дейт.

«Замир мас болуп калып, окуучулук күндөрдү эстеп “сен менин братишкамсын” деп досторунун көзүнчө мени аябай койгулап жиберди. Менден бир жаш чоң да. Ошондон улам чыр болуп кетти. Бул урушка саясий партиялардын эч кандай тиешелери жок», — дейт ал.

Ошондой эле ал маркум менен мурда партиялар тууралуу сөз кылбаганын, өзү болсо «эч бир партиянын үгүтчүсү эмес экенин» кошумчалаган.

Башка версия

Маркумдун досторунун бири «ПолитКлиника» басылмасына окуянын чоо-жайын айтып берген. Анда ал маркум алгач «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүтчүсү болуп, партиядан 5000 сом алганын, кийинчерээк ал «Республика» партиясына иштеп баштаганда шектүү экөөнүн ортосунда чыр чыкканын айткан.

«Борбордон жолугуп калышып, “бизде жүрдүң эле го, эмне сатып кеттиң? Акча алдың эле го” десе, “Мекеним Кыргызстанды” шылдыңдап коет окшойт. Анан үйүнө барып, бычактап салыптыр. Алар Мырза-Акеден талапкер Канат Маматовдун алдында иштешкен. Бул жактагы милиция чыр акчадан келип чыкты деп карап жатат», — деген ал.

Ал атын атаган Канатбек Маматов — Кыргыз футбол бирикмесинин президенти, депутаттыка «Мекеним Кыргызстан» партиясынын 31-тизмесинде ат салышууда.

«Республиканын» билдирүүсү

Маркумдун өлүмү тууралуу алгач «Республика» партиясы билдирүү жасап кабарлаган. Алар укук коргоо органдарынан өлүмдү туура иликтеп берүүсүн, Башкы прокуратура тергөөнү көзөмөлүнө алып, ал эми БШК шайлоо мыйзамдарында каралган тиешелүү чараларды көрүүсүн талап кылышкан.

Ошондой эле партия өз кайрылуусунда Матраимовдордун кланына таандык делген «Мекеним Кыргызстан» жана бийликчил аталган «Биримдик» партиясы алардын тарапташтарына жана өкүлдөрүнө кысым көрүп жатканын ачыкташкан.

Бирок «Республика» Өзгөндөгү окуяда кайсы бир партиянын атын атаган эмес. Ал ортодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын штабы 30-сентябрда болгон окуяга алардын тарапташтарынын тиешеси жок деп ишендирди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Жогорку Кеңештеги 120 орун үчүн 16 партия ат салышууда. Парламент депутаттары беш жылга шайланат.