«“Биримдикке” КСДПдан жөө качкандар толуп алган». Мадумаров менен Кочкоровдун кайым айтышы

2-октябрдагы КТРКнын түз эфириндеги теледебат

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 2-октябрда КТРКнын түз эфириндеги теледебатта «Биримдик» партиясына «КСДПдан жөө качкандар кире качканын» айтты. Ал өз сөзүндө бүгүнкү дебатка партияны жетектеп, анын жоопкерчилигин ала алган лидерлери келиши керектигин белгиледи.

Бүгүнкү теледебатка «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, «Афган согушунун ардагерлери» партиясынын лидери Акбөкөн Таштанбеков, «Биримдик» партиясынан шайлоо аттанган Улукбек Кочкоров, «Чоң Казат» партиясынын теңтөрагасы Максат Мамытканов, «Замандаштын» лидери Жеңиш Модокматов жана «Бүтүн Кыргызстандын» жетекчиси Адахан Мадумаров катышууда. «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкулов дебатка келген эмес.

«Партия лидерлери бир жерге жашынбастан келип өзүнүн пикирин айтса жакшы болмок. Тилекке каршы андай болбой жатат. Эртең бир нерсе болуп кетсе партиядагылар [«Биримдик» партиясы] “бул Улуктун пикири болчу деп четке чыга качат”», — деди Мадумаров.

Өз кезегинде Улукбек Кочкоров ал эч убакта КСДПнын катарында болбогонун айтып, Мадумаровдун айткандарын четке какты. Андан сырткары ал «Бүтүн Кыргызстандын» курамында дагы КСДПнын айрым депутаттары бар экенин белгиледи.

«Ошондуктан бир нерсе айтардан мурун өзүңүздөрдү карап коюңуздар», — деп жооп кайтарды.

Кочкоров андан сырткары «Биримдик» партиясы лидердин жеке компаниясы эместигин, ал жакка лидер каалаганын киргизип, каалаганын тизменин алдына коё албайт деп ишендирди. Андан сырткары алардын партиясын ар бир облустан чогулган жигиттер жетектей турганын кошумчалады.

Өз кезегинде Мадумаров ошол аймактардан келгендер кимдер экенине кызыгып, алардын аттарын атап берүүнү суранды. Кочкоров ар бир облустан бар деп жооп берди. Бирок Мадумаров «булардын баары кызылдай жалган» деп Кочкоровдун сөзүн бөлдү.

«Жетекчиси бир киши, бир кабинеттен чечилет. Ошонун чечкендерин силер так аткарасыңар», — деди Мадумаров.

Бирок Кочкоров анын баары жалган экенин, Мадумаров билбей туруп эле сүйлөй берерин белгиледи.

- Билбей туруп эле бирөөгө асыла бересизби…

- Мен билген үчүн айтып жатам да.

- Каяктан билесиз?

- Мен керемет билем. Кимиңер канчанчы турасыңар, кимиңерди чыгарып жиберет, кимиңер канча нерсеге жооп берериңер белгилүү да.

Мадумаров ошондой эле, «Биримдиктин» лидери Марат Аманкулов эмес, [Асылбек] Жээнбеков экенин кошумчалады.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы

«Бүтүн Кыргызстан» — 2006-жылы негизделген — парламенттин мурдагы спикери Адахан Мадумаровдун партиясы. Партия парламенттик шайлоого үчүнчү ирет катышып келет. Мындан тышкары, Мадумаров президенттик шайлоого да катышкан, бирок акыркы шайлоодо Сооронбай Жээнбековго жеңилип калган. Партия өзүн эң эски оппозиция деп сыпаттап келет.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы парламенттик шайлоого жаңыланган курам менен аттанып жатат. Анын катарына бир нече партиялар жана саясатчылар кошулду. Бирок көп өтпөй жаңыдан кошулган талапкерлер жана партиянын айрым мүчөлөрү «Бүтүн Кыргызстандан» чыкканын ачыкташкан.

Алардын катарында «Ак шумкар» партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев жана экс-депутат Турсунбай Бакир уулу да бар. Партиядан кеткендер анын себебин «принциптердин бузулушу» менен жана «бекитилген тизменин өзгөртүлүшү» менен байланыштырышкан. Мындан улам Турсунбай уулу БШКга партиянын үстүнөн даттанган.

БШК экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун арызынын негизинде партияны шайлоодон чечимин кабыл алган. Партия Боршайкомду Бишкектин административдик сотуна берип, шайлоого катышуу укугун кайтарды.

«Биримдик» партиясы

«Биримдик» партиясы 2005-жылы пайда болгон. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири учурдагы депутат Айнуру Алтыбаева болгон. Ал «Азаттыкка» курган маегинде 2010-жылы «Биримдик» парламенттик шайлоого катышуу үчүн Феликс Куловдун «Ар-Намыс» партиясынын курамына киргенин айтып берген.

Анткен менен келе жаткан парламенттик шайлоого «Биримдик» саясий партиясы өз алдынча баратат, ал эми анын лидери болуп учурдагы депутат Марат Аманкулов шайланган. Аманкуловдун өзүнүн билдирүүсүнө караганда, аны «Биримдикти» башкаруусун «өтүнүшкөн». Ал 2015-жылы ошол убактагы бийликчил КСДПнын катарында парламенттин депутаты болгон.

«Биримдик» партиясынын катарында учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков бар болгондуктан, партияны президент менен байланыштырышат. Президенттин иниси бул партиянын тизмесинде 27-орундагы баратат.

Асылбек Жээнбеков — парламенттин учурдагы депутаты. Ал Жогорку Кеңешке КСДП менен келген, бирок 2019-жылдын апрель айында партиянын лидери жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «партиялык диктатурага» айыптап, партиянын катарынан чыгып кеткен. Саясатчынын партиядан чыгышы — анын агасы Сооронбай менен Атамбаевдин араздашуусунун уландысы болду.

«Биримдиктин» төрагасы Марат Аманкулов Асылбек Жээнбековдун парламенттеги эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Ал vesti.kg басылмасына курган маегинде анын партиясы бийликтин партиясы эмес деп билдирген. Анткен менен, Аманкулов кошумчалагандай, ал жана партия учурдагы президенттин саясатын колдойт.

«Башкы бириктирүүчү күчүбүз болуп евразиячыл жана демократиялык социализм идеясы саналат. Эгер президент дагы ушундай ойдо болсо, анда бизди президентчил партия деп атасаңар болот», — деген Аманкулов.

Партия 2020-жылы шаардык кеңешке шайлоого катышып, көп сандагы мандат алууга жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу шайлоо өтпөй калган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Жогорку Кеңештин депутаттары беш жылда бир шайланат.