Казакстан 5-октябрдан тарта башка өлкөлөр менен аба каттамдарын жандантууну токтото турат

Vласть басылмасы кабарлагандай, 5-октябрдан тарта Казакстан башка өлкөлөр менен аба каттамдарын жандантууну убактылуу токтотот. Алардын маалыматы боюнча, чет өлкөлөрдөгү кырдаал начарлап баратканына байланыштуу Ведомстволор аралык комиссия ушундай чечим чыгарды.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой комиссия бир нече чечим кабыл алганын билдирди:

  • Башка өлкөлөр менен аба каттамдарды жандантууну токтото туруу;
  • Аба каттамдар жанданган өлкөлөр менен каттамдардын санын көбөйтпөө;
  • Түркияга болгон каттамдардын санын кыскартуу.

Казакстандын чет өлкөлүктөр үчүн чектөөчү чараларынын категорияларына ылайык, Кыргызстан экинчи категорияга кирет.

Ага ылайык, Казакстанга келген кыргызстандыктар сурамжылоодон өтүшү керек, ошондой эле алардын өлкөгө келгенде коронавируска карата ПЧР-тестти таза болушу шарт.

Эгер чет өлкөлүк жарандын коронавируска каршы тестинин жыйынтыгы жок болсо, ал эки күнгө ооруканага жаткырылып, COVID-19га карата текшерүүгө алынат.

«Коронавируска каршы лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыккан соң, вирус табылгандар жугуштуу оорулар ооруканасына которулат, ал эми вирус жок деп жыйынтык чыкандар көздөгөн жерине жөнөтүлөт», — деди Цой.

Казакстан Кыргызстан менен аба каттамдарын 17-сентябрдан тартып жандандырган. Ошол эле учурда чек ара өтмөктөрү жабык бойдон калууда.

Эки өлкөнүн ортосундагы авиакаттамдарды ачуу маселеси 9-сентябрда Москва шаарында өткөн Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда талкууланган.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Казакстанда COVID-19га 100 миңден ашуун адам чалдыккан.