Сиз Кыргызстандагы парламенттик шайлоого барасызбы? Бара турган болсоңуз, сиздин көз карашыңызга дал келген партияны табууга көмөктөшкөн ыңгайлуу колдонмо даярдадык.

«Кыргыз саясий компасы» — бул сиздин саясаттагы, экономика жана социумдагы көз карашыңыз тууралуу суроолордон турган тест. Так эле ушундай тесттен 4-октябрда өтө турган шайлоого аттанган 16 партиянын ичинен 9у өттү.

Биз алардын жоопторунун жыйынтыктарын карап чыгып, алар ар башка тармактарда — аялдардын укуктарын коргоодон баштап Кыргызстандын Кытай менен мамилесине чейинки көз караштары кандай экенин так билип алдык.

Балким сиз кимге добуш берүүнү чечкендирсиз, бирок жан дүйнөңүзгө андан дагы жакыны болуп жүрбөсүң?

Эскертүү, биздин тест көлөмдүү — дээрлик 100 суроодон турат. Анткени сизге жакыныраак партияны табуу үчүн көп суроо түзүүгө туура келди.

Тесттен өткөндөн кийин сиз:

  • Көз караштар боюнча сизге кайсы партия жакын экенин билип аласыз;
  • Жоопторуңуздун негизинде өзүңүздүн саясий автопортретиңизге ээ болосуз;
  • Деталдуу жыйынтыктарды жана алардын партиялардын жооптору менен салыштырмасын аласыз.

Сиз күтүп калдыңызбы, кеттик анда!

Компасты даярдагандар: Артур Кабиров, Нуржамал Джанибекова, Бектур Искендер, Сания Токтогазиева, Милана Щербакова жана Амина Кадралиева.

Которгон: Бегайым Талантбекова