Өлкөдө коронавирустун жаңы 215 учур катталды — жалпы 47 056 учур

Республикалык штабдан 2-октябрга карата коронавирустун жаңы 215 учуру катталганын кабарлашты. Жаңы катталган учурлардын 153ү лабораториялык тастыкталган.

Аймактар боюнча:

Баткен облусунда - 63;

Ош облусунда — 41;

Жалал-Абад облусунда – 40;

Чүй облусунда – 23;

Ош шаарында — 19;

Бишкек шаарында — 17;

Ысык-Көл облусунда – 10;

Талас облусунда — 1;

Нарын облусунда - 1.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 154 бейтап айыкты.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 47. Ошондой эле Ош шаарында — 34, Баткен облусунда — 27, Жалал-Абад облусунда — 19, Ысык-Көл облусунда — 12, Бишкек шаарында алты, Чүй облусунда беш, Нарын жана Талас облустарында экиден бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 47 056га жетти. Алардын ичинен 43 137 бейтап оорудан айыкты — бул жалпы оорулуулардын 91 пайызы. Ошондой эле коронавирус 1 065 кишинин өмүрүн алды — алардын ичинде 83 медкызматкер бар.

Бүгүнкү күндө коронавирустан 910 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле 1 489 киши үй шартында дарыланууда.

Коронавирус инфекциясы медкызматкерлердин арасында да катталды — өткөн суткада өлкөдө 28 медик илдетке чалдыкканы белгилүү болду. Алардын тогузу Баткен облусунда, сегизи Бишкек шаарында, бешөө Ош облусунда, төртөө Ош шаарында жана экөө Жалал-Абад облусунда катталды.

Ошондой эле сегиз медицина кызматкери коронавирустан айыкты — алардын алтоо үй шартында дарыланган. Жалпысынан COVID-19ду 3 294 медик жуктуруп, алардын 3 029у оорудан сакайган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.