Светлана Тиоуринанын иллюстрациясы

Кыргызстандын Эгемендик майрамында сахнага чыккан таанымал төкмө акын президенттин, жогорку жетекчиликтин жана чет элдик коноктордун алдында өлкөдө тамыр жайган жемкорлукту кашкайта айтып, ачык ырдап чыкты.

Айтылуу акын «эл бийлигин тымызын тоноп жаткан, сол чөнтөккө байкатпай солоп жаткан чоңдорду», «уурдап добуш салышкан» жана «чакалап акча алышкан бажы кызматындагыларды» комуздун коштоосунда эл алдында айыптады.

Анын какшык аралаш соңку саптарын көрүүчүлөр көз жаздымда калтыра алышмак эмес. Анткени буга чейинки иликтөөлөр ашкере кылгандай, жылдар бою кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов сырдуу уйгур үй-бүлөнүн аткезчилик империясын калкалап, андан пайдага туйтунуп келди.

Матраимов азыр Мамлекеттик бажы кызматында иштебейт. Ошентсе да ал мартабалуу мамлекеттик кызматтарды ээлеген бир туугандары менен бирге эсепсиз байлык топтоп, аны таасир этүүнүн булагына айланта алды.

Аны кантип ишке ашырганын OCCRP, «Азаттык», «Kloop» жана «Bellingcat» жаңы иликтөөсүндө ашкерелейт.

Расмий кагаздарда чакан айлыктары көрсөтүлсө да, байманасы ашып-ташыган бардар турмушта жашаган, жеке менчик бажы терминалдарына жана соода жолдоруна көмүскө көзөмөлүн орноткон, байлыгын маанилүү шайлоо өнөктүгүнө аянбай сарптаган Матраимовдордун үй-бүлөсү - тартынбас төкмө акындын Борбор Азиянын жүрөгүндөгү жемкорлук тууралуу ырынын чыныгы турмуштагы күзгүсү.

Иликтөөлөр:

Долбоордун командасы

Бул «OCCRP», «Kloop», «Азаттык» жана «Bellingcat» медиа мекемелеринин биргелешкен долбоору.

Кабарчылар: “OCCRP”, “Kloop”, “Азаттык” жана “Bellingcat” медиа мекемелеринин бир топ жергиликтүү кабарчылары бул иликтөөгө салым кошушту. Коопсуздуктан улам алардын аты-жөнү аталбайт.

Редактор: Миранда Путручич, Илья Лозовский, Жулия Уэллес

Текст: Илья Лозовский

Фактчек: Биржит Брауэр, Ивана Йеремич, Олена ЛаФой

Графика: Эдин Пасович, “Kloop”

Иллюстрация: Светлана Тиоурина