Бир видео менен: «Убакыт көрсөтөт» — Бакиров Матраимовду мамкызматка алып келүү жөнүндө

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров басма сөз жыйында бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мамлекеттик кызматка алып келүү тууралуу суроого жооп берди.

«Ал биздин партиянын саясий кеңешинде жок. Андыктан өкмөттүн жаңы курамы жана коалиция түзүү тууралуу айтуу эртелик кылат. Андыктан убакыт көрсөтөт», — деди Бакиров.

Райымбек Матраимовду жана анын үй-бүлөсүн «Мекеним Кыргызстан» менен байланыштырышат. Дал ушул партия менен бул шайлоого алтынчы чакырылыштын депутаты Искендер Матраимов баратат.

Боршайком 2 млндой бюллетенди санады. Алдын ала жыйынтык боюнча «Мекеним Кыргызстан» шайлоочулардын 24 пайыз добушун алды.

Ал эми Искендер Матраимов «Азаттык» радиосуна берген маегинде шайлоо кир өткөнүн айткан.