Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 партия катышууда. Фавориттердин катарында үч бийликчил делген партия бар: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан». «Биримдиктен» президенттин иниси Асылбек Жээнбеков талапкерлигин койгон, ал эми «Мекеним Кыргызстандан» бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары, журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимовдун иниси — Искендер.