«Мекеним Кыргызстандын» үгүтчүсү шайлоочулардын добуш бергенин текшерүүнүн ыкмасын айтып берди

Видеодон алынган скриншот

«Клооптун» штаттан тышкаркы кабарчысы өзүн үгүтчү деп тааныштырып, «Мекеним Кыргызстандын» куратору делген аял менен сүйлөштү. Ал шайлоочулардын добушун партия кантип текшерип жатканын айтып берди.

Кабарчы аялга келип каттоого кайдан туруп жатканын сураган. Алгач аял эмне тууралуу сөз болуп жатканын түшүнмөксөн болуп, бирок бир аздан кийин ар ким өзүнүн кишисине барып катталарын түшүндүргөн. Ал үгүтчү аял өзүнө тиешелүү гана кишилерди белгилеп текшере турганын айткан. Андан сырткары ар бир киши өзүнүн адамдарын гана алып келип добуш бердиртип тескей турганын белгилеген.

Аял ошондой эле, жакын жерде жүргөн бир баланы көрсөтүп ал жардам бере турганын айткан. Ошондой эле, партия тарабынан берилген тизмеде добуш бере тургандардын бардыгынын аты-жөнү жазылганын белгилеген. Ал тизмедеги кишилерди биринчи келгенин текшерип, андан кийин алар кире турганын түшүндүрүп беген.

Ошол эле маалда аял эч кимге шек бербөө үчүн ал көрсөткөн баланы эл жок жерге чакырып такташууну сунуштап, эгер анын колундагы тизмени башкалар көрүп калса айып салына турганын эскерткен.

Буга чейин социалдык тармактарды шайлоо участкаларынын алдында добуш берүүгө келгендерди тизмеден текшерип, белгилеп жаткан кишилердин сүрөт-видеолору тараган. Алдын ала маалыматтар боюнча бул кишилер партиялардын үгүтчүлөрү. Алар канча киши добуш бергенин аныктап, партиянын штабына отчет берип турушат. Ошондой эле, шайлоо участкаларынын жанында шайлоочуларга акча берип жаткандардын да видеосу тарады.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 партия ат салышууда. Жогорку Кеңештин депутаттары беш жылда бир шайланат.