«Реформа», «Чоң казат», «Ордо», «Ыйман Нуру» жана «Мекен Ынтымагы» бирикти

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялар биригишти. «Реформа», «Чоң казат», «Ордо», «Ыйман Нуру» жана «Мекен Ынтымагы» добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай тургандарын жарыялап, тарапташтарын 5-октябрь күнү саат 12ге Ала-Тоо аянтында өтүүчү митингге чакырып өтүштү.

«Бүгүн «Реформа», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Ыйман нуру» жана «Ордо» партиялары баштарын бириктирди, бул шайлоону легитимсиз деп санайбыз. Жана жыйынтыгын тааныбайбыз», — деди реформачыл Урмат Жаныбаев.

«Биз бириктик», — деген билдирүүсүн «Мекен Ынтымагы» партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков дагы калтырган.

4-октябрда шайлоого катышкан 16 партиянын ичинен төртөө парламентке өткөн.

«Биримдик» — 24,5%

«Мекеним Кыргызстан» — 23,88%

«Кыргызстан» — 8,76%

«Бүтүн Кыргызстан» — 7,13%.

Добуш берүүнүн жыйынтыгына көпчүлүк партиялар нааразычылыгын билдиришүүдө. Бийликчил «Биримдик» партиясы шайлоонун жыйынтыгы менен канааттандыгын айтса, алардан кем калышпаган «Мекеним Кыргызстан» мындан көбүрөөк добуш алмакпыз дешүүдө.

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы бир нече партиялардын митинги өтүүгө тийиш — «Социал демократтар саат» 11:00дө Ала-Тоо аянтына тынчтык акциясына чыгышса,«Реформа», «Чон казат», «Ордо», «Ыйман Нуру» жана «Мекен Ынтымагы» ал жакка саат 12ге барышат. Ал эми «Республика» менен «Ата-Мекен» саат 14:00гө Опера жана балет театрынын жанында жолугушуулар өтөөрүн айтышкан.