Бишкектин Ала-Тоо аянтында 5-октябрда шайлоодон өтпөй калган оппозициялык партиялардын мөөнөтсүз тынчтык митингги өтүп жатат. Алар шайлоону легитимсиз деп атап, көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун белгилешет — добуш сатып алуу, админресурс колдонуу, шайлоочуларга басым кылуу.
Митингдин катышуучулары шайлоону тааныбай турушканын билдиришти — «Ата Мекен», «Бир Бол», «Чоң Казат», «Мекен Ынтымагы», «Социал демократтар», «Ордо», «Республика», «Мекенчил» — алар парламенттик шайлоо кайрадан өтүшүн, ошондой эле алгачкы үч орунду ээлеген партия кийинки шайлоого катышпоосун талап кылышууда.
Кийинчерээк акциянын катышучуларына «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да келип кошулду.
4-октябрда шайлоого катышкан 16 партиянын ичинен төртөө парламентке өткөн. «Биримдик» — 24,5%, «Мекеним Кыргызстан» — 23,88%, «Кыргызстан» — 8,76%, «Бүтүн Кыргызстан» — 7,13%.
Бийликчил «Биримдик» партиясы шайлоонун жыйынтыгы менен канааттангандыгын айтса, Матраимов кланына байланышы бар «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири Искендер Матраимов мындан көбүрөөк добуш алмакпыз деп билдирген.