Ак үйдү басым алуу. Сүрөт: Бекжан Асылбеков

Маалымат жаңыртылып турат.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында укук коргоо органдары менен шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан бир нече миң демонстранттардын ортосунда кагылышуу болду. Анын натыйжасында 6-октябрь күнү таңкы саат 3 чамасында митингчилер Ак үй менен УКМКнын имаратына кирип барышты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева өлкө башчысы Ак үйдө түнкү 2ге чейин болгонун билдирди. Учурда митингчилердин бир бөлүгү президенттин иш бөлмөсүн ээлеп отурушат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан жана экс-депутат Садыр Жапаров абактан бошотулду.

«Клооптун» кабарчылары билдиргендей, депутат Жанар Акаев убактылуу өкмөт түзүлөөрүн жана шаар боюнча комендант дайындала турганын айтты.

Кагылышуулардын натыйжасында 100дөн ашуун киши жаракат алганы кабарланды. Алардын арасында депутаттар, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, медиктер бар.

Депутат Дастан Бекешев митингчилерге кайрылып, «Райым сыяктуу болбой» талап-тоноочулукка барбоого чакырды. Райымбек Матраимов — мурдагы бажы кызматкери, ал бир нече журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Матраимов өлкөдөн Түркияга учуп кеткен.

Учурда нааразы тарап борбордук аянтта кайрадан топтолуп жатышат. Алардын алдына Жапаров чыгып сүйлөшү күтүлүүдө.

Буга чейин Жээнбеков 6-октябрда парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлери менен жолугарын билдирген. Мындай чечим Бишкекте шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо тууралуу өткөн масштабдуу нааразычылык акциясынан кийин кабыл алынган. Жолугушуу саат 11:00гө пландалган болчу.

Шайлоонун жыйынтыгынан чыккан наразычылык митинги

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 5-октябрда саат 11:00 чамасында шайлоодон өтпөй калган оппозициялык партиялардын мөөнөтсүз тынчтык митингги башталган. Алар шайлоону легитимсиз деп атап, көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун белгилешет — добуш сатып алуу, админресурс колдонуу, шайлоочуларга басым кылуу.

Митингдин катышуучулары шайлоону тааныбай турушканын билдирип, шайлоону кайрадан өткөрүүнү талап кылышкан — «Ата Мекен», «Бир Бол», «Чоң Казат», «Мекен Ынтымагы», «Социал демократтар», «Ордо», «Республика», «Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа».

Нааразычылык акциялары Нарын шаарында жана Талас шаарында да өткөн.