Кыргызстанда азырынча расмий президент бар, бирок эки күндөн бери эч ким көрө элек, премьер-министр Кубатбек Боронов башка ири чиновниктер менен катарлаш отставкага кетти, ал эми айрым саясатчылар өздөрүн түрдүү кызматтарга дайындашууда.

Бир учурда үч координациялык кеңеш жана премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдогон өзүнчө топ түзүлдү. Бирок, бир нерсени координациялоого же кайсыл бир көрүнүшкө таасир этүүгө мыйзамдуу негиз жок. Ыйгарым укуктар алтынчы чакырылыштын депутаттарында гана бар.

Түзүлүп кайра чачыраган кеңеш

6-октябрь күнү жалаң эски саясатчылардан турган координациялык кеңеш түзүлгөн. Анын башында парламенттин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров турган. Кеңешменин жыйынына Өмүрбек Бабанов, Сапар Исаков, Жеңиш Молдокматов жана башкалар келишкен. Андан сырткары, шайлоого катышпаган, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен чыккан митингге дагы тиешеси жок Темир Сариев да булардын катарында болгон. Алар кызмат бөлүштүрүү менен алек болгон кесиптештерин сынга алып, парламент кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы премьер-министр шайлашы керек деген ойлорун айтышкан.

Бул координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү мурдагы президенттердин убагында бийликте отурушкан. Жаш муундагы саясатчылардан атамекенчи Жанар Акаев гана болду. Башка жаштардын өкүлү дагы айымдардын өкүлү дагы кеңештин курамында жок. Бирок 5-октябрдагы митингде жаштар жана аялдар жүргөнү белгилүү.


Бул кеңеш эртеси эле чачырап кетти.


Жапаровду премьерликке түрткөн топтор

Буга катарлаш эле, парламенттин айрым депутаттары «Бир Болдун» депутаты Мыктыбек Абдылдаевди төрага катары бекитти. Ал эми премьер-министрлик кызматка демонстранттар түрмөдөн бошоткон Садыр Жапаровдун талапкерлигин сунушташты. Депутат Дастан Бекешовдун айтымында, бул дайындоого уюшкан кылмыштуу топтордун тиешеси бар. Мындай пикирди депутат Жанар Акаев дагы тастыктады.

Депутаттар «Достук» мейманканасына бирден чубап келип, дал ошондой тартипте Жапаровдун таларкелигин колдой тургандарын кагаз жүзүндө калтырып жатышты. Факты жүзүндө координациялоочу топко, парламенттик шайлоодо «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларынан депутаттыкка талапкерлигин койгон алтынчы чакырылыштын депутаттары мүчө болушкан. Бирок Жапаровдун талапкерлигин колдогон депутаттардын так тизмеси жарыяланган эмес.

Жапаровду шайлоо жабык эшик артында өтүп, ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок. Залда 30 чакты депутат отурган, калгандарына ишеним кат аркылуу кесиптештери добуш беришкен. Башкача айтканда, чечим кабыл алуу үчүн формалдуу кворум камсыздалган. Ошентсе да, юристтер Жапаровду премьерликке сунуштоодо Конституциялык нормалар бузулгандыгын айтышууда.

Бул топко Жапаров премьер болсун деп «Достуктун» алдында митинг өткөргөн адамдардарды дагы кошсок болот. Алар «Жапаров — президент» деген ураан менен аны абактан бошотуп алышкан.


Жапаров өнүгүү программасы бар экендигин айтып, кызматтарды басып алууну сындап, бардыгы мыйзам чегинде болушу керек деп жатат.


Жапаров учурда Камчыбек Ташиев төрагалык кылган «Мекенчил» партиясынын түптөөчүлөрдүн бири. Бул партия парламенттик шайлоого катышып, бирок добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы боюнча парламентке өткөн эмес. Ташиев «Мекеним Кыргызстан» партиясына ээлик кылат деген Райымбек Матраимовду колдоп келет. 2019-жылы Ташиев Матраимовду коррупционер деген ЖМКларды сынга алган. Анда Райымбек Матраимов «кадимки, карапайым жакшы жигит» деп айткан.

Элдик координациялык кеңеш — булар «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров, «Мекен Ынтымагынын» төрагасы Темирбек Асанбеков, «Реформанын» мүчөсү Урмат Жаныбаев жана «Ыйман нуру» саясий биркмесинен Чынгыз Макешов. Кеңештин мүчөлөрү Садыр Жапаровду премьер катары тааныбай турганын жарыялашкан. Булар 5-октябрда түзүлүп, азырынча бөлүнбөй бирге келе жатышат.


Эбакта эле бийликте болгон ар башка партиялардын лидерлеринен турган координациялык кеңеш алар менен бирикпей жатты.


Жаш саясатчылар менен активисттердин кеңеши

Биринчи координациялык кеңеш таркап кеткенге чейин эле бул баардык эски саясатчылардын тобун депутат Элвира Сурабалдиева айыптап чыккан. Ал Ак үй басып алынгандан кийин бийликте эски саясатчылар болбошу керектигин, эгер андай болсо эч нерсе өзгөрбөсүн билдирген. Аны бийликти 5-октябрда митингден биринчилерден болуп кетип калган же ага таптакыр эле келбегендер өз ара бөлүшө баштаганы кыжырдантып, ал бардык партиялардын жаштарын биригүүгө чакырган.

Анткен менен жаштар бириккен. Ошол эле күнү, 6-октябрда, Сурабалдиева өз координациялык кеңешин чогултуп, люстрация үчүн митинг өткөргөн.


Бул топто ар кайсы партиялардан чыккан жаш саясатчылар, активисттер, шоу-бизнес өкүлдөрү, юристтер жана ыктыярчылар бар.


7-октябрда партиялардын жаштары жана активисттер «Жаннат» отелинде чогулуп, өздөрүнүн жаш кесиптештерин кресло талашкан лидерлеринен бөлүнүп, өздөрүнө кошулууга үндөштү.

Алар Жапаровдун кызматка келүүсүн легитимсиз деп баалап, премьер катары тааныбай тургандарын айтышкан. Алар мыйзамдуулуктун сакталышын жана президентке импичмент жарыялоону талап кылышууда. 7-октябрдагы митингде демонстранттар премьерликке өздөрүнүн талапкерин — айыл-чарба тармагында ишкерлик кылган, активист Тилек Токтогазиевди сунушташкан.

Координациялык кеңештин өкүлдөрү премьердик кызматка талапкерлерди талкуулоо үчүн өкмөт үйүндө чогулушту. Клара Сооронкулова кеңештин жыйынынан кетип, ал эми «Реформа» партиясы бир да координациялык кеңештин курамына кирбегени тууралуу билдирүү таркаткан.