Учурда Кыргызстанда башаламандык орун алды: түрдүү саясий күчтөр мамлекетти башкарууга умтулууда. Дээрлик бардыгы мыйзамсыз (анын ичинде премьер-министрликке көрсөтүлгөн Садыр Жапаров дагы бар). Бул башаламандыкты мыйзам жолуна салуу үчүн кандай кадамдарга барышыбыз керек? Түшүндүрүп өтөлү.

6-октябрдын түнү Ак үй алынып, саясий айып менен камакка алынгандар эркиндикке чыккандан тартып, өлкөнү ким башкарып жатканы белгисиз. Координациялык кеңеш, парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаттары жана люстрацияны талап кылган жаштар, ар кимиси өз алдынча сунуштар менен чыгып жатышат.

Ал арада айрым адамдар өздөрүн өзүм билемдик менен түрдүү кызматтарга дайындап, мыйзамсыз мамлекеттик мекемелерди басып алышууда. Мисалы, «Республика» партиясынан депутаттыкка талапкер Жоошбек Коёналиев өзүн Бишкек шаарынын мэрлигине дайындап, буйрук бергенге дагы жетишти.

Биз юридикалык илимдеринин доктору Сания Токтогазиевага кайрылып Кыргызстан үчүн маанилүү болгон суроолорго жооп алдык.

Кыскача

  • Мэр/прокурор сыяктуу кызматтарга өзүн өзү дайындап алуу мыйзамсыз. Мындай чиновниктер эч ким эмес, аларга баш ийбеш керек.
  • Бабанов, Жапаров жана Мадумаров башында турган координациялык кеңеш — мыйзамсыз. Алардын эч кандай ыйгарым укуктары жок.
  • Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы гана Кыргызстандагы маселелерди чечүүгө укуктуу. Бирок, ал жакта дагы кворум боюнча талаш-тартыштар болууда. Демек, алардын чечимдери дагы мыйзамдуу күчкө ээ болбой калышы ыктымал.

Кененирээк

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын тагдыры эмне болот? Алар иштеп жатабы?

Ооба. Конституция боюнча жалгыз легитимдүү орган — Жогорку Кеңеш, мыйзамдуу чечимдерди дагы алар кабыл алышат. Эгерде президент отставкага кетсе, президенттин милдетин парламенттин төрагасы аткарат. Бирок Дастан Жумабеков кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып, иштен кетти. Кандай болгон күндө дагы, Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы спикер шайлашы керек. Бул кызматка Мыктыбек Абдылдаев көрсөтүлдү. Абдылдаевдин талапкерлиги жашыруун добуш берүү менен тандалганы айтылууда.

Кандайдыр бир мыйзамдуу чечимдерди кабыл алуу үчүн ЖКда кворум болууга тийиш: 120 депутаттын 61 чогулушу керек. 6-октябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасына 30га чукул эл өкүлү келип, премьер-министрдин милдетин Садыр Жапаров аткарат деген бүтүмгө келишти. Калган депутаттардан ишеним кат чогултушуп, кворумду камсыздашты. Ал эми Кино үйүндө мындай чечимге макул болбогон эл өкүлдөрү чогулду.

Садыр Жапаров премьер-министрдин милдетин аткара албайт. Анын үч себеби бар:

а) премьер-министрди дайындоо тууралуу жарлыкка президент кол коет;

б) ал программасын, Өкмөттүн түзүмүн, курамын сунуштаган жок;

в) кворумга байланыштуу талаштуу маселе: ишеним каттын негизинде шайладык дешти, бирок ал документти эч ким көрсөткөн жок.

Сания Токтогазиева, юридикалык илимдеринин доктору

Алтынчы чакырылыш тез арада Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына чогулуп, өлкөдөгү саясий кризисти жөнгө салышы керек. Жээнбековго тандоо коюу керек: Президент өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарынан баш тартат же депутаттар милдеттүү түрдө президентке импичмент жарыялоо процедурасын ишке ашырат.

ЖКнын кезексиз жыйынында кворум болгон жок, демек алар кабыл алган чечимдер легитимсиз. Депутаттардын өз конституциялык укугунан пайдалана албай, өз милдеттеринен баш тартып турганы кооптондурат. Парламент бүгүн — жападан-жалгыз легитимдүү орган. Эч кандай координациялык кеңештер буга тоскоол боло албайт.

Дисклеймер: Сания менен маек ишеним кат тууралуу маалыматтар чыкканга чейин болгон. Бирок, ишеним кат аркылуу добуш берүү мыйзамда каралганы менен, депутаттар өздөрүнүн фракциялаштары үчүн гана добуш бере алышат. Азырынча, бул норма сакталгандыгын, ошондой эле ишеним каттардын чынында болгонун аныктоо мүмкүн болбой жатат.

Жапаров, Бабанов жана Мадумаровдордун координациялык кеңешме түзгөнү мыйзамдуубу?

Жок. Бул мыйзам боюнча эч кандай ыйгарым укуктары жок, легитимсиз орган.

Сания Токтогазиева:

Бул мыйзамсыз кадам. Мындай орган эч жакта жок: Конституцияда дагы, мыйзамдык актыларда дагы. Координациялык кеңештин мүчөлөрү, баарыбыз биргелешип, учурдагы абалды конституциялык-укуктук нукка салууга күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Конституцияда бакыйып жазылып турат - бул абалдан чыгуунун жолу бар, болгону бардык тараптардын каалоосу керек.

Өздөрүн кызматка дайындап жаткан шаар башчыларын кандай кылабыз? Мыйзамдуу кадам кандай болушу керек?

Сиз деле өзүңүздү бир кызматка дайындап алсаңыз болот, бирок тилекке каршы бул мыйзамсыз кадам. Өздөрүн мэр, прокурор деп дайындап алгандардын баары легитимсиз, алар бийликти басып алуучулар. Алардын кадамдары мыйзамсыз, демек буйруктарын, жарлыктарына маани бербей койгон туура.

Сания Токтогазиева:

Мисалы, мэрди Бишкек шаардык кеңешинин депуаттары шайлашат — бүгүн андай болгон жок. Ушундай эле көрүнүш ыйгарым укуктуу өкүлдөргө тиешелүү — аларды премьер-министр дайындайт, азырынча премьер-министрлик кызматта Кубатбек Боронов, ал эч кимди кызматка дайындаган жок.

Кадр саясатындагы мындай вакханалия — анархия, мыйзамсыздык жана Конституцияга таптакыр каршы келет.

Дисклеймер: Сания менен маектен соң Боронов отставкага кетти. Бирок бул Токтогазиеванын ал отставкага кеткенге чейин ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү өзү дайындашы керек деген оюн жокко чыгарбайт.

Люстрация деген эмне? Эмне себептен бардыгы люстрацияны талап кылып жатышат?

Люстрация — эски саясатчыларды өлкөнүн башкаруу системасына жолотпой турган мыйзамдык ченем. Чынында эле, өлкөнү кризистин сазына батырган эски чиновниктерди саясатка аралаштырбоо — Кыргызстанда нааразычылык акциясына чыккан жаштардын негизги талабы. Бирок, бул ишке ашуу үчүн Жогорку Кеңеш атайын мыйзам кабыл алышы керек.

Сания Токтогазиева:

Көпчүлүк люстрацияны «абакка камоо, тартып алуу, конфискациялоо» деп түшүнүп алышты. Азыр менимче, биздин негизги милдетибиз — реваншизмди токтотуу. Адатта, люстрацияны бул системага сырттан келген, эч кандай тиешеси жок адамдар жүргүзөт. Ошондо гана люстрация максатына жетет. Жаш муун өздөрүнүн сунушун ишке ашырат — эски саясатчыларды саясий кызматтарга жолотпойт.

Парламенттин алтынчы чакырылышы мындай кадамга даяр эмес. Алгач мыйзам кабыл алуу керек. Ал эми мыйзамды парламент гана кабыл ала алат.

2010-жылдагыдай кылып убактылуу өкмөт түзсө эмне болот?

Бул начар идея. 2010-жылдагы Убактылуу өкмөт мыйзамсыз болгон жана Конституцияга туура келген эмес.

Сания Токтогазиева:

Азыр башкы максат — 2010-жылдагы окуялардын кайталанышына жол бербөө. Бизде ошондо бир дагы легитимдүү конституциялык орган калбай калган, анын ичинде парламент да бар, ошентип убактылуу өкмөт жана анын декреттери түзүлгөн — буга жол бербеш керек.

Кыргызстан убактылуу өкмөттүн кайрадан декреттер менен башкаруусун көтөрө албайт, анткени ар бир мамлекет мыйзамдын алкагында иштейт, биздин негизги мыйзамыбыз — бул конституция.

Убактылуу өкмөт — парламент болбогондуктан, демек алар мыйзамдарды кабыл ала алышпайт. Алар коомдук-социалдык маселелерди декреттер менен жөндөөгө мажбур. Ал эми декрет — бул мыйзам эмес, анткени ар бир мыйзам белгилүү бир критерийлерге туура келиши керек. Алардын бири — аны легитимдүү орган кабыл алышы керек. Убактылуу өкмөт бул легитимдүү орган эмес, ал эч жакта жок, конституцияда да жок, эл аны тандаган эмес.

Кыргызстан 2010-жылдан бери башынан өткөргөн чоң көйгөйлөр ушундай башаламандыктар декреттер аркылуу болгонуна байланыштуу: массалык улутташтыруу, бул планда абдан кооптуу. Бул укуктардын үстөмдүгү, чыныгы демократиянын жана конституционализмдин орнотулушу үчүн коркунуч жаратат.

Мындай башаламандыкта өлкө үчүн ким жооптуу?

Сания Токтогазиева:

Азыр Жээнбеков, алтынчы чакырылыштын парламенти сыяктуу дагы да болсо мыйзамдуу президент. Демек, президент журт башчысы катары, конституциялык мандатына ылайык өлкөдөгү абал үчүн толугу менен жооптуу.

Жээнбеков жана бийлик бутактары шайлоону таза өткөрбөй турган болсо, өлкөдө социалдык-саясий абал курчуй турганы башынан эле белгилүү болчу. Акыры ошондой болду. Менин оюмча, бул Жээнбеков жана анын командасынын жеке жоопкерчиилиги. Алар админресурсту колдонууга, добуш сатып алууга көз жумушту. Менин оюмча, мындай кырдаалдын алдын алууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар болчу.