Оштогу активисттер кызматтарды «ээлеп алгандардын» үстүнөн арыз жазат

Шаардын активисттери. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Kloop.kg

Оштогу Улуттук драма театрдын алдына 7-октябрда бир нече активист топтолуп, мэр жана обладминистрация башчысы мыйзамдуу жол менен алмашуусун талап кылышты.

Алар калаа жана облус бийлигин «ээлеп алган» «Бир Бол» партиясынын лидери Дүйшөн Төрөкулов жана маркум кримтөбөл Алмамбет Анапияевдин бир тууганы Калмамат Анапияевдин үстүнөн тиешелүү органдарга арызданышаарын айтышып, «Өзгөрүүгө кадам» кыймылын түптөп жатышканын билдиришти.

«Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу жетекчиси жана «Реформа» партиясынын талапкери Гүлгакы Мамасалиеванын айтымында, кыймылдын мүчөлөрү вице-мэр жана шаардык кеңештин депутаттары менен жолугушат.

«Биздин талаптар: Төрөкулов жана Анапияевдин ишине укуктук баа берилсин, эскилер бийликке келбесин жана шаардык кеңеш өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарышсын. Алар мэр кеткенден кийин автоматтык түрдө ордуна вице-мэрди калтырышы керек эле», — деди ал.

Ошондой эле кыймылдын мүчөсү Акылбек Ташбулатов кыймылга өлкөнүн келечегине кайдыгер эмес жарандарды кошулууга чакырды.

«Кыргызстанда үчүнчү төңкөрүш болду, бирок орун алмашуудан сумма өзгөрбөй жатат. Эскилердин бийликке келүүсүнө каршыбыз. Мен бийликтин революция эмес эволюция жолу менен алмашуусун каалайм», — деди Ташбулатов.

Ала арада мэриядан учурда мэрдин ыйгарым укуктарын убактылуу вице-мэр Саибжан Турдуев аткарып жатканын кабарлашты. Шаардагы мекеме-ишканалар кадимки тартипте иш алып барып жатат.

Сарыбашовдун кетиши, калааны ээлеп алган Төрөкулов жана Мырзакматовдун кайтышы

Өлкөдөгү митингдерден соң бир катар шаар, облус жетекчилери, райондордун акимдери жана башка мамкызматкерлер кызматтарын тапшырышкан. Алардын арасында Ош облусунун жетекчиси Байыш Юсупов жана калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов да бар.

Сарыбашов арызды борбордук аянтка чогулгандардын митинги өтүп жаткан учурда шаардык кеңештин депутаттары аны кызматтан четтетүүнү сунушташкандан кийин жазды.

Аянтка чогулгандардын арасында Төрөкуловдун, Сарыбашовдун жана мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун тарапташтары болуп, алар бири-бири менен тиреше да кетишти.

Кийинчерээк Дүйшөн Төрөкулов бир топ кишилер менен шаардык мэрияга кирип, Таалайбек Сарыбашов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң өзүн-өзү мэр деп атады.

Андан соң Сарыбашов расмий түрдө кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Ошондой эле 7-октябрга караган түнү чет өлкөдө жүргөн мурдагы мэр Мелис Мырзакматов учуп келип, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары «анын командасын күтүшү керектигин» айтты. Бүгүн 7-октябрда борбордук аянтка Мырзакматовдун тарапташтары топтолушу күтүлүүдө.