Республикалык штабтан 8-октябрда коронавирустун жаңы 245 учуру катталганын кабарлашты. Жаңы катталган учурлардын 130у лабораториялык тастыкталган.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 77;

Ош облусу — 62;

Жалал-Абад облусу — 44;

Баткен облусу — 19;

Чүй облусу — 17;

Ош шаары — 13;

Ысык-Көл облусу — 8;

Талас облусу — 3;

Нарын облусу — 2.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 159 бейтап айыгып, төрт киши көз жумду. Илдеттен каза болгондордун экөө Баткен облусунда, бирден Ош облусунда жана Бишкек шаарында катталды. COVID-19дан каза болгондордун саны 1 073кө жетти.

Ал эми COVID-19дан өткөн суткада айыккандардын 37си Жалал-Абад облусунда катталды. Ошондой эле Баткен облусунда — 25, Ысык-Көл облусунда — 20, Бишкек шаарында — 17, Ош жана Чүй облустарында 14төн, Ош шаарында жана Нарын облусунда 11ден, Талас облусунда он бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 48 342ге жетти — алардын ичинен 43 957 бейтап айыкты. Мындан сырткары коронавирустан 1 073 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 1 366 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле, 1 491 киши үй шартында дарыланууда.

Коронавирус медицина кызматкерлеринде да катталды: Ош облусунда төрт, Жалал-Абад облусунда үч, Бишкек шаарында, Талас жана Чүй облустарында бирден медиктен коронавирус инфекциясы аныкталды. Ошондой эле өткөн суткада үч медик коронавирустан айыкты. Жалпысынан COVID-19ду 3 364 медик жуктуруп, алардын 3 072си оорудан сакайган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.