Бүткүл өлкөдөгү массалык нааразычылык акцияларынын экинчи күнү, 6-октябрдын таңында Садыр Жапаров «президент болсун» же «премьер-министрликке татыктуу» деп кыйкыргандар пайда болду. Элдин көбүндө Садыр Жапаров ким, мындай оор кырдаалда башка саясатчы эмес, дал ушул Жапаровдун бийлик башына келишин талап кылууга кандай негиз бар деген суроо пайда болду.
Жапаровдун карьерасын жалпысынан үчкө бөлүп кароого болот. Бул материалда саясатчынын баскан жолуна саресеп салып, аны премьерликке «түртүүдө» кандай мыйзам бузуулар болгонун, мындай кадамдын артында кимдер турарын айтып беребиз.
1-бөлүм. Садыр Жапаров — Бакиевдин тарапташы
Садыр Жапаровдун саясий ишмердүүлүгү 2005-жылдын мартындагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин, Курманбек Бакиев президенттиккке келгенде башталган.
Жапаров эгемендүүлүк алгандан тартып 2005-жылга чейин колхоздо жумушчу, «Нурнефтегаз» чакан компаниясынын жетекчиси гана болуп келген. Март айындагы төңкөрүштүн шарданы менен парламентке депутат болуп калды.
Эки жылдан кийин Курманбек Бакиев конституцияга өзгөртүү киргизип, президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтти. Жапаров бийликчил «Ак Жол» партиясы менен парламенттик шайлоого катышты. Анда акжолчулар көп Жогорку Кеңештен көп мандатка ээ болгон. Оппозициянын аты эле болбосо, бийликке каршы сүйлөөгө даай алышкан жок. Өлкө башчысы бийликти каалашынча узурпациялады.
Жапаров көпкө депутат болгон жок. Дароо эле президенттин кеңешчиси болуп, Бакиевдин жакын адамдарынын бирине айланды.
Дагы эки жылдан кийин күлкү келээрлик мамлекеттик орган пайда болду. Бакиев Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттик түзүп, аны жетектөөнү Садыр Жапаровго тапшырды.
Бир жыл ичинде агенттик түп тамырынан өзгөрүп, Мамлекеттик кадр кызматы (мамлекеттик кызматкерлерди алууга жооп берет) менен биригип калды — бул Жапаровдун карьерасындагы артка чегинүү болдубу, же коррупция чиновниктерди жумушка алууда гана болчу көрүнүшпү, белгисиз.
Аталган агенттикти жетектеп турган бир жыл ичинде Жапаров көзгө көрүнүктүү иш кылган жок. Анткени өлкөдө коррупциянын ана башылары Курманбек Бакиев менен анын кичүү уулу Максим болду.
2-бөлүм. Садыр Жапаров — «ата-журтчу» жана Атамбаевдин каршылашы
2010-жылы апрель айында төңкөрүш башталганда, Жапаров өзүнүн санаалашы Камчыбек Ташиевдей (Бакиевдердин убагында ӨКМдин башчысы болгон) эле саясий айдыңдан эки айдай жоголуп кеткен. Алардын карааны ошол эле жылдын июнь айында улуттар аралык кагылыш болгондон кийин көрүнгөн.
Жапаров тарапташы Ташиев, бакиевдердин салык кызматынын мурунку жетекчиси Ахматбек Келдибеков жана башка саясатчылар менен ошол убактагы окуяларга активдүү катышкан. Жапаров өзүнүн китебинде алар кагылышуулардын алдын алууга чара көргөнүн жазган. Бирок, кээ бир күбөлөр саясатчылар этникалык кыргыздардын тобуна гана жардам беришкенин айтып келишет.
Кыргызстандын түштүгүндөгү ийгиликтүү иштеринен соң Жапаров, Ташиев жана Келдибеков «Ата-Журт» партиясы менен 2010-жылы парламенттик шайлоого катышып, Алмазбек Атамбаевдин КСДП жана Өмүрбек Текебаевдин «Ата Мекен» партияларын артка таштаган.
Партия, анын ичинде Садыр Жапаров Убактылуу өкмөттү этникалык кагылышуулардын алдын-алган жок деп ашкере сынга алып, өзүнүн таасирдүүлүгүн арттыруу үчүн улутчул маанайдагы жалындуу сөздөрдү байма-бай айтып турган.
Парламентте «Ата Журт» күтүлбөгөн жерден көпчүлүк коалицияга кошулуп, Жапаров сот жана укук маселелери боюнча тармактык комитеттин жетекчиси болуп шайланган. Ал дароо эле соттук реформа жүргүзөм деп сөз берген, бирок бул тармак аны кызыктырган эмес.
2012-жылдан тартып Жапаров өзүнүн тикелей милдеттерин аткаруунун ордуна, кичи мекени Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Кумтөр» кенин улутташтырууну талап кылып, аталган компаниянын жетекчилигин экологияга чоң зыян келтирүүдө, коррупцияга белчесинен баткан деп айыптап жүрдү. Мындан улам жердештеринин арасында колдоо таап, бүгүн дагы айрымдар Жапаровго карата симпатиясын жоготушкан жок.
Жарым жылдан кийин Жапаров менен Ташиев жаңы чатактын чордонунда болушту — «Кумтөрдү» улутташтырууну талап кылган тынчтык акциясында саясатчылар элди баштап Ак үйгө бет алып, Ташиев баш болуп темир тосмодон секирген. Жыйынтыгында «Бийликти күч менен басып алуу, же бийликти күч менен кармап туруу» беренеси боюнча айыпталышкан. Жарым жылдан кийин Бишкек шаардык соту саясатчыларды актаганы менен алар депутаттык мандаттарынан ажыратылган.
Жапаров мындан кийин дагы токтоп калбай, «Кумтөргө» каршы акцияларды улантып, Кыргызстандагы эң ири өндүрүш ишканасын улутташтырууну талап кылып турду.
Бул толкундун шары менен дагы бир орчундуу окуялар болуп өттү — 2013-жылы Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарындагы нааразычылык акциялары учурунда Жапаров тарапташтары менен ошол кездеги облус губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алышкан. Жапаров бул фактыны моюнуна албаганы менен, бийлик баары бир иш козгоп, саясатчы өлкөдөн чыгуп кетүүгө мажбур болгон. Кийин Каптагаев аны эч ким барымтага албаганын бир нече жолу билдирген.
Кыргызстанга төрт жылдан кийин кайтып келген Жапаровду дароо кармашып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизишти. Андан соң күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 10 жылга эркинен ажыратылды.
Жапаровдун тарапташтары бир нече жолу Бишкекте митинг өткөрүшкөн. Акыркы жолу 2020-жылдын мартындагы өткөн акция дагы максатына жетпей, чогулгандарды милиция күч менен кубалап таркаткан.
3-бөлүм. Жапаров — премьер?
2020-жылдын 5-октябрында Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоодо өтпөй калган 12 партиянын тарапташтары чогулду. Алардын арасында актер Тони Старкка окшоп, модалуу көз айнегин тагынган Камчыбек Ташиев дагы бир саамга пайда болду. Чогулган элге көз чаптырган соң (бир нече миңдеген адамдар агылып келген эле) кандай келсе ошондой көздөн кайым болуп, түн кирип, шаардын борбордук бөлүгүндө милиция менен эл кагылыша баштаганга чейин көрүнгөн жок.
Эртеси таңга жуук Ташиев тарапташтары менен Садыр Жапаровду абактан бошотуп чыгып, аянттагы элге жетип барды. Жапаров чогулгандардын алдына чыгып сүйлөдү. Ташиев болсо Жапаров кийинки премьер-министр экенин айтып кыйкырды. Чогулгандар күүлдөп коштоп кетишти.
Митингге чыккандардын ынтымагы мынча тездик менен ыдырап кетээрин эч ким күткөн эмес. Кайдан-жайдан пайда болгон Ташиев менен Жапаров элден бөлүнүп, өз саясатын жүргүзө башташты.
6-октябрда күндүз Адахан Мадумаров, Жанар Акаев, Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов жана башкалардан куралган Координациялык кеңеш бирдиктүү күч болуп, өткөөл мезгилде бийликти жөндөчүдөй сезилген. Бирок кечке маал Садыр Жапаров алардын кеңешин тааныбастыгын айтып, тарапташтары ЖКнын 6-чакырылышынын депутаттары чогулуп жаткан «Достук» мейманканасынын айланасын курчап алышты. Депутаттар жаңы бийликти легитимдештирүүгө чогулуп жатышкан, бирок кимиси жаңы бийлик экенин эч ким түшүнбөй турду.
Өлкөдө түзүлгөн кырдаалдын шартында мыйзам боюнча парламент — жалгыз легитимдүү орган. Депутаттар гана өкмөттүн жаңы курамын бекитет. Ал үчүн төмөнкү кадамдарга баруу керек:
- эң кеминде 61 депутатты бир жерге чогултуу;
- көпчүлүк коалицияны түзүү;
- премьер-министрди шайлап, жаңы өкмөттүн курамын бекитүү:
- өкмөттүн жаңы курамын президентке бекиттирүү (президенттен ким сурап отурмак дешиңиз мүмкүн) же үч күн аралыгында өкмөттүн легитимдүүлүккө ээ болушун күтүү.
Тилекке каршы, мындай болгон жок — «Достукка» болгону 35 депутат келди. Алар башка 26 кесиптешинин ордуна ишеним кат аркылуу добуш беришкен. Бирок турум жабык эшик артында өткөндүктөн анын чын-төгүнүн аныктоо мүмкүн болгон жок .
Депутаттар Мыктыбек Абдылдаевди жаңы спикер кылып шайлашты. Мурда «Ата-Журт» партиясынан депутат болгон Абдылдаевдин дайындалышы дагы күмөн ойлорго түртөт. Анткени, спикерден кийин эле премьер-министрликке Садыр Жапаров көрсөтүлө баштады. Интернеттеги айрым видеолорго карасак, анын талапкерлиги дароо жактырылды. Бул дагы мыйзамды жана Жогорку Кеңештин регламентин одоно бузуу болуп саналат.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чогулуп, бийликчил «Биримдик», «Кыргызстан» жана бажы тармагынын экс-башчысы Раим Матраимовго таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партияларын добуштарды сатып алды деп айыптап чыккандардын митинги кызыктуу абалга кептелди. Анткени аты аталган партиялардын талапкерлери «Достукка» чогулуп, көп ойлонбой эле премьер-министр катары Садыр Жапаровду шайлап коюшту.
Ушул жерден 2019-жылдын аягында биздин редакция «Азаттык» жана OCCRP менен биргеликте бажы кызматындагы коррупцияны иликтеп, бул махинацияларга ведомствонун мурдагы башчысы Раим Матраимовдун тиешеси бардыгын айтып чыкканыбызда— Камчыбек Ташиев Матраимовдордун үй-бүлөсүн коргоп, ал тургай, Раим «жөнөкөй жакшы жигит» деп билдирүү жасагандыгын эскертип өтөлү.
«Ал чоң кызматтарда иштебеген, катардагы жаран. Көп болсо — ал бажыда орун басар болгон, министр дагы болгон эмес, депутат дагы болгон эмес. Ал жөнөкөй, ийкемдүү жигит. Мындай адамды мамлекеттик деңгээлде каралап, коррупциянын символуна айланткан туура эмес. Чынында фактылар бар болсо, укук коргоо органдары чара көрүшү керек. Биз коррупцияны түп-тамырынан жок кылмайын, өнүгө албайбыз», — деп Ташиев «Азаттыкка» берген маегинде билдирген .
5-октябрдагы элдин толкундоолорунун чыгышына Матраимовдордун «Мекеним Кыргызстан» партиясынын парламентке келиши себеп болгонун эске алсак, премьер-министрдин милдетин аткаруучу катары тарапташы эл алдында Матраимовдорду мактап, калкалап жүргөн адамдын шайланышы эч бир логикага туура келбейт.
Албетте, Ташиев-Жапаров дуэтинин «мыйзамдагы ууру» УКТнын атактуу мүчөсү, Ысык-Көлдүн кулуну, Матраимовдор менен ымаласы ысык Камчы Көлбаев менен байланышы тууралуу тараган кептер дагы эки анжы ойго түртөт.