ССМ: Кыргызстандын медицина тармагы кезектеги кыйроонун алдында турат

Кыргызстандыктардын санитардык талаптарды аткарбагандыгы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде айтты. Ошондой эле, министр чыр-чатактарга медицина кызматкерлерин аралаштырбоого чакырды.

Абдикаримов Бишкек шаарында ооруга чалдыккандардын саны күн санап өсүп жатканына кабатырланды. Анын айтымында, 7-8-октябрга карата коронавируска чалдыккандардын саны кескин жогорулаган. Мындай көрсөткүч борбордо мындан 56 күн мурун катталганын кошумчалады.

Шаардагы башаламандыктан улам аймактардан келип-кеткендердин саны өстү. Алар жолдо жүрүүдө санитардык нормаларды карманышпайт. Мындан улам COVID-19 жайылып, ооруга чалдыккандар көп болуп жатат дейт министр Абдикаримов.

«Биз бүгүн жалпы элдин алдын алуу чараларын (беткап кийүү, аралыкты сактоо) сактабай жатканына күбө болдук. Анын кесепети азыртадан эле билине баштады. Эки апта ичиндеги оорунун 154%га өсүүсү анын кайрадан жайылганынан кабар берет», — деди ал.

Анын айтымында, жөнөкөй алдын-алуу эрежелери сакталбаса, Кыргызстанда медицина тармагы дагы бир кыйроону башынан кечириши мүмкүн.

«Азыр сасык тумоонун жана вирустук инфекциялардын сезону. Илдет жайылса ооруканаларда орун жетишпей, ак халатчандарга эбегейсиз оор жүк түшөт. Аны болтурбоо силердин колуңарда», — деп Абдикаримов белгиледи .

Медиктерге кол салуу

Министр медиктерге кол салуу болуп, тез жардам унаалары талкаланганына токтолуп, жардам берүү үчүн барган медицина кызматкерлерин мындай чыр-чатактарга аралаштырбоого чакырды.

«Жарандарды өз милдетин аткаруу үчүн барган медицина кызматкерлерине кол көтөрбөөгө чакырам. Мындай кадам менен медицина тармагында коллапс жаратасыңар. Мындай оор, өткөөл мезгилде медицина кызматкерлери жарандарга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүп турушу керек. Акылыңарга келгиле», — деп кайрылды.

5-октябрдан 6-октябрга караган түнү беш медицина кызматкери сабалып, алты тез жардам унаасы талкаланганын кошумчалады.

«Эки унааны талап-тоноп кетишти. Биз аларды кыйынчылык менен сатып алганбыз. Мындай башаламандыктардын айынан техникаларыбыз жарактан чыкты. Бүгүн кошумча 13 тез жардам унаасы келип түштү. Биз аларды саламаттык сактоо мекемелерине таркатабыз», — деп билдирди Абдикаримов.

Коронавирус дартына чалдыккандардын алгачкылары 2020-жылдын март айында катталган. Июнь-июль айларында оору күчөп, ооругандардын саны кескин жогорулаган. Көп өтпөй оору басаңдаганы байкалган. Эми акыркы эки жумада жаңы жуктургандардын саны арбыды.

Пандемияга карабай бийлик башындагылар 4-октябрда парлменттик шайлоону өткөрүштү. Арты кайра эле митинг, массалык башаламандыктар менен коштолуп, Ак үйдү басып алуу менен аяктады. Шайлоо жана митинг учурунда жарандар аралыкты сакташкан жок. Ошондой эле, беткап кийгендер дагы саналуу эле болду.

Расмий маалыматтарга караганда 8-октябрга карата Кыргызстанда 1073 адам коронавирустан каза болушкан. 48 342 адам оору жуктуруп, 43 957 киши айыгып чыккан.