Нааразылыктардын, күч түзүмдөрү менен кагылыштардын жана Ак үйдү басып алуунун төртүнчү күнү өтсө да президент Сооронбай Жээнбеков кай жерде болуп атканы белгисиз бойдон калууда.

Өлкөдө кырдаал азырынча турукташа элек, ал эми Жээнбеков легитимдүү экенин билдирип, саясий күчтөр менен сүйлөшүүгө барууга даяр экенин айтууда.

«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери импичменттин мыйзамдуу процедуралары кандай экенин жана эгер Жээнбеков ыктыяры менен отставкага кетсе эмне болоорун түшүндүрүп беришти.

Президент кандай шарттарда кызматын мөөнөтүнөн мурда кете алат?

Конституция боюнча президент төрт учурда гана ыйгарымдарын мөөнөтүнөн мурда токтото алат:

  • Өз каалоосу менен кеткенде;
  • Импичмент жарыяланганда;
  • Саламаттыгына байланыштуу иштей албай калганда;
  • Каза тапканда.

Биринчи сценарий: президент өзү арыз жазып кетет

Эгер президент отставкага кетүү тууралуу арыз жазса, анда анын ыйгарым укуктарын жаңы мамлекет башчысы шайланганга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы (спикер) убактылуу аткарат.

Эгер парламенттин төрагасы президенттин милдетин аткара албаса, анда аны премьер-министр аткарат.

Ошол эле кезде жаңы президенттин кезексиз шайлоосу мамлекет башчысы ыйгарымдарын токтоткон учурдан тарта үч айдын ичинде өтүшү керек.

Бул учурда Жогорку Кеңештин төрагасынын да, премьер-министрдин да парламенттин кезексиз шайлоосун дайындап, өкмөттү отставкага кетирүүгө жана кезексиз шайлоодо президенттик кызматка талапкерлигин коюуга укуктары жок болот.

Экинчи сценарий: импичмент

Эгер Жээнбеков өз каалоосу менен отставкага кетпесе, анда Жогорку Кеңеш аны кызматынан четтета алат. Конституцияга ылайык, импичмент процедурасын баштоо үчүн бир катар шарттар бар.

  • Жогорку Кеңеш президентке айып тагат, эгер аны жок дегенде 40 (эл өкүлдөрүнүн жалпы санынан үчтөн бири) депутат колдой турган болсо.
  • Жогорку Кеңеште комиссия түзүлүп, ал президентке айып тагуу боюнча корутундусун бериши керек.
  • ЖК документти карап жана эң аз дегене 61 депутат президентке каршы айып тагуу боюнча токтом үчүн добушун бериши керек.
  • Эгер айып тагылган болсо, анда башкы прокурор президенттин аракеттеринде кылмыштин белгилери болуп-болбогонун чечиши керек болот.
  • Мындан кийин башкы прокурордун корутундусу кайрадан парламентте каралат. Эгер депутаттар президент тараптан кылмыштын белгиси болгонуна ишенишсе, анда алар өлкө башчысына каршы айыпты кароонун күнүн дайындашат.
  • Жогорку Кеңеште импичмент процедурасын өткөрүү үчүн үч ай убактысы болот. Эгер бул убакыттын аралыгында чечим кабыл алынбаса, анда президентке каршы тагылган айып четке кагылган болуп эсептелинет.
  • Жогорку Кеңештин президентти кызматынан четтетүү боюнча токтому жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. «Макул» деп эң аз дегенде 80 депутат (алардын жалпы санынан үчтөн экиси) добуш бериши керек.

Кыргызстандын тарыхында бир да президентке импичмент жарыялана элек.

Редакторлору: Анна Капушенко жана Азиза Раимбердиева.