Ошто айдоочулар «Абу-Сахий» ишканасын мамлекетке өткөрүүнү талап кылышууда

Жергиликтүү айдоочулар. Архив. Сүрөт: Хамидулло Узаков/kloop.kg

Ошто 8-октябрда 100дөн ашуун жүк ташуучу айдоочулар Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан «Абу-Сахий» ишканасынын алдына чогулушту. Алар аталган ишкананы мамлекетке өткөрүүнү талап кылышты.

Айдоочулар чогулгандарынын себебин компаниянын Кыргызстанда катталган автоуналаары алардын «нанын тартып алганы менен» байланыштырышты.

Жүк ташуучулардын «Айдоочу» коомунун төрагасы Надир Токторовдун айтымында, аталган компания он жылдан бери жүк ташуу тармагын монополия кылып алган. Бирок алардын тиешелүү жактарга бир канча жолку кайрылууларына карабай маселе чечилген эмес.

«Бул компания Кыргызстандын жүгүн ташуу менен миллиондогон акча уурдап келди. Акыркы жети-сегиз жылда буларды Матраимовдор башкарып келди. Сырттан жүк алып кирүү, транзит жүк ташуунун баарын ушулар жүргүзүп турган. Эми баары ачык болушун талап кылабыз. Бул ишкананы дагы башка бирөө келип, башкарып алышын каалабайбыз», — дейт ал.

Ошондой эле ал, учурда ишкананын кароолчусу менен ар бир унааны белгилеп, аларга өздөрү кароолчулук кылып, мамлекетке өткөрүп берүүнү көздөп жатышканын кошумчалады.

«Азаттык» билдиргендей аталган ишканада ал учурда кароолчусунан башка эч ким болгон эмес — кызматкерлер жана жетекчилер кайда экени белгисиз. «Абу-Сахийдин» Кыргызстандагы өкүлү «Тарим-Транс» ишканасынын жетекчиси Нурбек Керимбеков менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми жерине барган «Клооптун» кабарчысынын айтымында, чогулгандар «Абу-Сахийдин» унааларын мамлекетке өткөрүп, ал эми мамлекет аны жергиликтүү айдоочуларга иштетүү үчүн кредитке берүүсүн сунушташат.

Кийинчерээк аларга аталган фирманын айдоочулары келип кошулуп, эки тараптын ортосунда чыр чыккан. Качан гана милиция кызматкерлери келгенде эки тарап сүйлөшүүлөргө барышкан.

Жергиликтүү айдоочулар «Абу-Сахийдин» айдоочуларына бирге кызматташууну сунушташууда, алардын көпчүлүгү каршы болуп, ал эми сүйлөшүү жүргүзгөн өкүл «ойлонуп көрүшөөрүн» айтып, чогулгандар тарап кетишти.

«Абу-Сахий» жөнүндө

Жүк ташуучу унаа Абдукадырдын Кашкар-Кыштактагы объектинен чыгып баратккан кези. Сүрөт: Kloop.kg

«Абу-Сахий» карго компаниясы «Клооптун», «Азаттыктын» жана OCCRPнин бажыдагы коррупция жана Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткендиги тууралуу биргелешкен журналисттик иликтөөсүндө аталган.

Иликтөөчү журналисттердин информатору Айэркен Саймаити бул компанияны кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр жана анын бир туугандары негиздегенин айткан.

Жылдар өтүп, Абдукадырдын үй-бүлөсү «Абу-Сахийди» байыркы Жибек Жолунун изи менен Кытайдан товар ташыган карго империясына айландырган.

Саймаитинин айтымында, «Абу-Сахий» компаниясынын 600 жүк ташуучу унаасы ар кандай товарлар менен Кытайдын Шиңжаң Уйгур автоном району менен Кыргызстандын чек арасы аркылуу өтүп, Ташкентке, андан ары башка аймактарга жөнөтүлүп турган.

Аткаминерлер бажы аркылуу мыйзамсыз өткөрүп жаткан ар бир жүк ташуучу унаа үчүн алган паранын өлчөмү 4,6 миң доллардан 5 миң долларга чейин болгон. Эгер анын бир айда 600 жүк ташуучу унаа деген эсебин колдонсок, анда ай сайын түшкөн киреше 3 миллион долларды түзгөн.

Жүктүн далай бөлүгү өзбек чек арасына жакын жердеги Кашкар-Кыштак айылындагы кампага түшүрүлүп турган. Андан соң бош машинелер «транзит» деген документтери менен Өзбекстанга жөнөтүлгөн.

Түшүрүлгөн жүктү Кыргызстанда сатууга же Казакстан жана Орусия сыяктуу кирешелүү базарларга жөнөтүүгө жол ачылган. Товарлардын дагы бир бөлүгү «Абу-Сахий» базарына калтырылып турган.

Бул схема ЕАЭБ тарабынан каралган жыйымдардан кутулууну мүмкүн кылган.

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» бажы терминалдарында, ошондой эле өзбек чек арасындагы Кара-Суу терминалында жетиштүү сандагы тааныш офицерлер иштеген. Андыктан бул мекемелер Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн жеке менчик жайлары сыяктуу иштеп калышкан.

Ондон ашык ишкер сүрөттөп берген тартипке ылайык, «Абу-Сахий» жана ага байланышы бар карго компаниялары гана өздөрүнүн жүк ташуучу машинелерин бажы посту аркылуу тез жана натыйжалуу өткөрүп кетип турушкан. Атаандаш фирмалар кечеңдетүүгө жана оор тоскоолдуктарга кабылгандыктан алар үчүн бизнес жүргүзүү оор ишке айланган.

Абдукадыр Кытайда төрөлгөн, бирок 2011-жылдын ноябрында Казакстандын паспортун алган, ал эми 2012-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде жашап турууга уруксат алган.

Анын, үй-бүлөсүнүн жана компанияларынын кыргыз аткаминерлери жана саясатчылары менен тыгыз байланышы бар. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен да тааныш. Жээнбековдун инаугурациясында да болгон. Ошондой эле, Абдукадырдын Матраимовдордун үй-бүлөсү — Кыргызстандагы таасирдүү клан — менен чогуу негиздеген Дубайда бизнестери да бар. Ал эми анын «АКА» компаниялары Кыргызстандагы көптөгөн тендерлерге катышкан.

Айдоочулардын аталган компанияга болгон нараазычылыктары тууралуу бул макаладан окуңуз:

«Абу-Сахийдин» монополиясы. Оштогу айдоочулар кытай фирмасынын айынан ишсиз калышканын айтышууда