Садыр Жапаров «Райым миллион» камалат деп убада кылды

Сүрөт: Александра Титова

Өкмөт башчылыкка талапкерлигин койгон Садыр Жапаров 8-октябрда тарапташтарынын алдына чыгып сөз сүйлөдү. Анда ал мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду камай турганын айтты.

Ошондой эле ал чогулгандарга жана журналисттерге кайрылып, «аны Матраимовдорго жана Жээнбековдорго байланыштырып жалган маалымат таратпоону» суранды.

«Учурда толук кандуу ишке кирише элекмин. Ишке киришкенден кийин Райым миллион камалат. Мен алардын эч кимиси менен сүйлөшкөнүм жок жана сүйлөшпөймүн дагы!» — деди ал.

«Райым жакшы жигит»

Анткен менен Жапаровду айрымдар дал ушул Матраимовдордун жана Жээнбековдордун кланынын кадры деп эсептейт. Мисалы парламенттин 35 депутаты жана 26сы ишеним кат менен өкмөттү дайындаганда, президенттин агасы Асылбек Жээнбеков жана депутат Искендер Матраимов Жапаровдун талапкерлигин колдогонун ишеним каттарында көрсөтүшкөн.

Бирок азырынча коомчулукка аталган жыйында кабыл алынган документтер ачыктала элек. Мындан улам Жапаровду шайлоодо кворум сакталып-сакталбаганы белгисиз.

Ошондой эле Жапаровдун эң жакын санаалашы делген экс-депутат Камчыбек Ташиев Kloop «Азаттык» жана OCCRP менен биргеликте бажы кызматындагы коррупцияны иликтеп, бул махинацияларга ведомствонун мурдагы башчысы Райымбек Матраимовдун тиешеси бардыгы тууралуу иликтөө жарыяланганда — Камчыбек Ташиев Матраимовдордун үй-бүлөсүн коргоп, ал тургай, Райымбек «жөнөкөй, ийкемдүү жакшы жигит» деп билдирүү жасаган.

«Ал чоң кызматтарда иштебеген, катардагы жаран. Көп болсо — ал бажыда орун басар болгон, министр дагы болгон эмес, депутат дагы болгон эмес. Ал жөнөкөй, ийкемдүү жигит. Мындай адамды мамлекеттик деңгээлде каралап, коррупциянын символуна айланткан туура эмес. Чынында фактылар бар болсо, укук коргоо органдары чара көрүшү керек. Биз коррупцияны түп-тамырынан жок кылмайын, өнүгө албайбыз», — деген Ташиев «Азаттыкка» курган маегинде.

Матраимовдорду жана Жээнбековдорду жактаган фейктер Жапаровду колдоого өттү

Матраимов, Жапаров жана Жээнбеков. Сүрөт: Economist.kg

Соцтармактарга 5-октябрга чейин Матраимовдордун жана Жээнбековдорго байланышы бар делген «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларын жактап жүргөн фейктер жапырт эле Садыр Жапаровду колдоого өттү.

Мисалы Kaktus жарыялаган материалда, фейсбуктун Жоомарт Азаматов аттуу колдонуучусу 14-сентябрда «Мекеним Кыргызстандын» талапкери Элнура Алканованы жактап, ал эми 2-октябрда аталган партияны үгүттөп ар кайсы тайпаларда пост жүктөгөнүн көрүүгө болот.

Ал эми 5-октябрдан соң ал Жээнбеков ордунда калышы керектигин, ал эми Жапаров премьер-министр болушу керектигин айткан.

Жээнбековдун кайрылуусу

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда кайрылуу жасап, жаңы премьер-министр жана өкмөт бекигенден кийин отставкага кетүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле ал, учурда премьер-министр болуп саналган Кубатбек Бороновду, анын ичинде мурдагыдай бийликтин легитимдүү булактары болуп эсептелген өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирүү керектигин айтты.

«Жаңы премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоону легитимдештирүү үчүн Жогорку Кеңештин токтому жана Президенттин Жарлыгын чыгаруу зарыл. Мен тиешелүү жарлыктарга кол коюуга даярмын, ал үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун күтөм», — деди ал.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча, добуштардын көбүн президенттин иниси талапкер болгон бийликчил «Биримдик» партиясы жана Матраимовдордун кланы менен байланыштуу делген «Мекеним Кыргызстан» алган.

Шайлоонун жыйынтыктарына жана массалык эреже бузууларга саясий партиялар да, ошондой эле көптөгөн кыргызстандыктар да нааразы болуп, 5-октябрда митингге чыгышкан.

Ошол эле күнү кечинде митинчилерди кууп таркатуулар башталып, тынчтык митинги кагышууларга айланып кеткен жана анын натыйжасында Ак үй басылып алынып, айрым саясатчылар бошотулган. Анын ичинде Садыр Жапаров да бар.