Боршайкомдун басма сөз кызматы кайрадан дайындала турчу парламенттик шайлоо качан өтөөрү белгисиз деп кабарлады. Шайлоо мыйзамы боюнча, БШК ЖКнын депутаттарын шайлоо датасын 6-ноябрга чейин аныкташы керек. Анда шайлоого байланышкан иш-аракеттер үчтөн бирге кыскарат.
«Эгер парламенттик шайлоо 90 күндөн ашык эмес мөөнөт ичинде өткөрүлсө, анда кайрадан шайлоо ал дайындалгандан кийин эки айлык мөөнөт ичинде өтүшү керек. Эгер шайлоо 20-октябрга чейин дайындалса, анда ал декабрда өткөрүлөт», — деп айтып берди БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова ЭлТР каналына курган маегинде.
Бирок ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү дагы бир кризисти алдын алыш үчүн учурдагы эл өкүлдөрүнө жыйынга чогулуп добуш берүү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Шайлдабекованын айтымында, ал үчүн келерки шайлоодо «саясий күчтөрдүн саны көбүрөк» болушу керек. БШКнын төрайымы, бул максатты ишке ашырууга шайлоо күрөөсүн жана парламентке өтүүчү добуштардын босого пайызын ылдыйлатуу көмөк болот деп эсептейт. Азыркы күндө шайлоого катышуу үчүн партиялар Боршайкомго 5 млн сом төгүшү керек жана добуш берүүдө өлкө боюнча 7%, ар бир облустан жана Бишкек менен Ош шаарларынан 0,7% колдоого ээ болушу шарт.
Андан тышкары комиссия кыргызстандыктарга форма №2нин негизиндеги арызды бир жолу жана 30 күндөн кечиктирбей беришин сунуштады. Ал эми, жаран өзүнүн шайлоо участогун башка облуста добуш берүү үчүн гана алмаштыра алат.
«Бул иштеп чыгуу маселесине тактык киргизет, себеби форма экинин негизинде арыздардын санынын көптүгү - жарым миллионго жакын [өткөн шайлоодо] жарандарды участокторго аныктоодо бир катар катачылыктарга алып келген», — деди Шайлдабекова.
№2 формасы шайлоочуларга ыңгайлуу жерде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бирок айрым партиялар аны шайлоочуларды сатып алуу менен партияга керектүү аймактарда добуштар көбүрөөк болушу үчүн пайдаланышкан.
Боршайкомдун басма сөз кызматынан түшүндүрүшкөндөй, комиссия шайлоо мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүүнү күтпөстөн эле кайра шайлоо дайындай алат.
12 партиянын шайлоодогу бузуулар тууралуу билдирүүсү
7-октябрда парламенттик шайлоого катышкан 12 саясий бирикме добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча БШКга доо арыз менен кайрылышкан. Боршайком 9-октябрь күнү «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партияларынын шайлоо учурундагы мыйзам бузуулары тууралуу арыздарды укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жана ИИМге жөнөткөн.
Шайлдабекова бул кадамын, арыздангандар келтирген фактылар Жазык Кодексине жана Бузуулар жөнүндөгү Кодекске туура келиши менен түшүндүргөн.
Арыздангандар «Биримдик», «Мекеним Кыргызстана» жана «Кыргызстан» партияларынын тизмесин каттоодон баш тартып, жаңы шайлоо өткөрүүнү өтүнүшкөн. Ошондой эле, мыйзам бузган партияларга тиешелүү чара көрүүнү талап кылышкан. Аны менен катар, жогорудагы үч партиянын мыйзам бузууларына байланыштуу фото/видео жана башка далилдөөчү материалдарды камсыздай турганын айтышкан.
БШКнын төрайымынын айтымында, күчүндөгү мыйзамга ылайык, комиссия мурдагы шайлоодо мыйзам бузган талапкерди гана шайлоодон четтетүүгө укуктуу. Андыктан, парламент депутаттарына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон партиялардын жоопкерчилигин кароону сунуштады.
*Сооронбай Жээнбеков, президенттин иниси Асылбек Жээнбеков «Биримдик» партисынан талапкер болгондугу үчүн аталган партияны бийликчил деп атап келишет. «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинде мурунку ЖК депутаты Искендер Матраимов болгондугу үчүн Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланышта экени айтылат. Анын бир тууган иниси, Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов, коррупциялык схемалар аркылуу $700 млн өлкөдөн алып чыгууга аралашкан деп шектелет. «Кыргызстан» партиясынан көпчүлүк эл өкүлдөрү жана ошондой эле, мурунку төрага Дастан Жумабеков шайлоого катышкан. Бул партияны дагы бийликтики деп келишет. Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча, аты аталган үч саясий партия жаңы чакырылышта мандаттардын көпчүлүгүнө ээ болушмак.
«Бул шайлоо процессин мазактоо»
БШК 6-октябрда «коомдогу чыңалууну басаңдатуу, туруктуулукту, тынчтыкты сактоого көмөктөшүү» максатында шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган.
«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» уюму БШКнын 6-октябрдагы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө чечиминин үстүнөн даттанууга аракет кылган. Буга БШКнын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга «өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий абал» таасир этти деген түшүндүрмөсү башкы себеп болгон.
«БШКнын чечиминин ушундай формулировкасына жол берилбеши керек жана ал шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин одоно бузуу болуп эсептелет. БШК бул чечими менен чечим чыгарууда ачык-айкын эместигин жана “мыйзамдуулуктун” принциби жоктугун дагы бир жолу көрсөтүп жатат», — деп эсептешет уюмдун өкүлдөрү.
«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» жазгандай, БШК жүйөө катары саясий себептерди эмес, 4-октябрда добуш берүү учурундагы мыйзам бузууларды көрсөтүшү керек эле. Ушундай эле оюн, комиссиянын чечими чыгар замат БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова дагы айтып чыккан.
«БШК шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганга байланыштуу болгон бузуулар тууралуу бир да далил келтирген жок, алардын чечими эмнеге негизделгени тууралуу бир да факт берген жок. БШКнын өкүлдөрү аймактык шайлоо комиссияларынан протокол ала элек экендигин билдиришкен, тагыраагы БШК эч бир жыйынтык чыгарбай, шайлоону жокко чыгарды», — деп жазышты коалициянын укук коргоочулары.
Бишкектин административдик соту 9-октябрда БШКнын чечимин жокко чыгаруудан баш тарткан. Сот чечимин БШК шайлоонун жыйынтыгын жоюу тууралуу чечими менен шайлоочулардын укуктарын бузган эмес деп түшүндүргөн.
«“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” толук жоопкерчилик менен БШКнын аракеттери мыйзамсыз экенин билдирет. Ал [аракеттер] абдан көп бузуулар менен өткөн жана бир саясий партиялар башкалардан артыкчылыкка ээ болгон шайлоо процесси оңунан чыкпай калгандан кийин БШК беделин сактап калыш үчүн ушундай кадамга барды. Азыркы учурда БШК чындыкты бурмалоого аракет кылууда, бирок биз БШКга алар тараптан көп бузуулар болгонун көрсөтүшүбүз керек. Бул шайлоо процессин шылдыңдоо. Биз алардын аракеттери жазасыз калбай турганын көрсөтүшүбүз керек», — деп билдиришти укук коргоочулар.
Шайлоодон кийинки кризис
4-октябрда парламенттик шайлоо учурунда байкоочулар атаандаш партиялар тараптан көптөгөн бузуулар болгонун кабарлашкан. Алдын ала жыйынтыкка ылайык, «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» саясий партиялары шайлоонун лидерлери болгон. Эртеси күнү дээрлик бардык саясий партиялар добуш берүүнүн жыйынтыктарына нааразы экенин жана аларды тааныбай турганын айтып чыгышкан.
6-октябрга караган түнү элдик толкундоонун натыйжасында парламенттин имараты басып алынып, бул бүгүнкү күнгө чейин уланып аткан саясий кризистин башталышына өбөлгө түзгөн.
Ошол күндөн бери учурдагы чакырылыштын депутаттары ар башка маселелерди чечүү үчүн үч жолу чогулушкан: спикерди шайлоо, өкмөт башчылык кызматка талапкерди көрсөтүү жана жаңы өкмөттүн курамын бекитүү. Бирок ар бир чогуулудан кийин депутаттардын кворум жоктугу тууралуу билдирүүлөрүнөн улам парламенттин чечимдеринин бардыгынын легимдүүлүгү күмөн жаратып атканы айтылууда.