«Кворум болгон жок». Жапаровдун кызматка келишинде мыйзам бузулганбы?

Өкмөт башчы милдетин аткаруучу болуп дайындалган Садыр Жапаров.

Өлкөнүн бир катар саясатчылары, юристтер жана депутаттар Садыр Жапаровдун премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп бекитилиши мыйзамсыз болгонун айтышууда. Көпчүлүк 10-октябрдагы парламенттин жыйынында кворум сакталган эмес деген жүйөөнү карманышууда.

Ошол кездеги спикер Мыктыбек Абдылдаев жыйынга 53 депутат катышканы айтылып, 10 депутат ишеним кат жиберди деп ишендирген.

Депутат Дастан Бекешев мыйзам боюнча кворум сакталышы үчүн жыйында эң аз дегенде 61 киши отурушу керектигин айтты. Ошондой эле ал, ишеним кат берүүдө да мыйзам бузулганын билдирди.

Бекешев

«Мисалы, Сайдулла Нышанов Иса Өмүркуловдон ишеним кат алып келди. Бул экөө эки башка фракциянын депутаттары. Демек, бул ишеним кат мыйзамдуу деп эсептөөгө болбойт», — дейт Бекешев.


*Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар өзүнүн фракциялашы аркылуу гана ишеним кат бере алышат.

Мындан сырткары Бекешев, Жапаровдун талапкерлигин кароодо добуш берүүнүн расмий кагаз түрүндөгү жыйынтыгы ачыкка чыкпаганын сынга алды — эреже боюнча, кол көтөргөн адамдардын саны, фамилиялары протоколго түшүрүлүшү керек болгон тизме белгисиз бойдон калды.

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев да жыйын мыйзамсыз өткөнүн айтты. Ошондой эле ал Жапаровдун министрлер кабинетине биринчи дайындоосун да сынга алды.

Исаев

«Мыйзам талап кылгандай президент аны беките электе жана ант бербей туруп Улан Ниязбековду ИИМдин башчысы кылып дайындады. Анын алгачкы кадамдары мыйзамдуулукка шек жаратат», — дейт ал.

Ошондой эле ал президенттин отставкага кетип, ордуна Жапаровдун келишине каршы экенин билдирди.


«Жогорку Кеңештин төрагасы жок болгондуктан, дайындалган премьер-министр президент кеткенден кийин анын милдетин аткарат. Премьердин шайланышы ансыз деле күмөн жаратып жатат, эгер ал президенттин ордун ээлесе, анда ал жакшылыкка алып келбейт», — деди Исаев.


Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов да Жапаровдун шайланышы боюнча өз пикирин билдирди. Анда ал мыйзамдын талаптарын эске албаган депутаттарды «башаламандыкка жол ачып жатат» деп айыптады.

Кулов

«Ишеним каттар залда 61 депутат катышкан учурда гана күчкө ээ болот. Эгер мынча сандагы депутат катышпаса, кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз саналат жана аткарылбашы керек. Мындан улам Садыр Жапаров шайланган премьер-министр болуп саналбайт», — деп жазды Кулов.


Ошондой эле ал, Жээнбеков кызматтан кетсе үч айдын ичинде президенттик, ал эми бир айдын ичинде парламенттик шайлоо жарыяланышы керектигин айтты. Ал мындай учурда президенттин иш-аракети «кылмыштык шалаакылык» болоорун кошумчалап бардык тиешелүү адамдарды мыйзамды сактоого чакырды.

«Бийликти күч менен басып алуу»

Вице-спикер Аида Касымалиева да Жапаровдун премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп шайланганын мыйзамсыз деп эсептейт — ал «кворум болбошу үчүн» жыйынга катышпай, залдан чыгып кеткенине карабай, аны тизмеге киргизип, каттап коюшкан.

Касымалиева

«Кворум үчүн менин добушумду эсептебегиле деп ЖКнын аппарат башчысына телефон чалып, жазып дагы айттым. Ал баары бир каттап коюшту деп жооп берди. Мыктыбек Абдылдаев менен Мирлан Бакировго телефон чалып, байланыша алган жокмун», — деди Касымалиева

Ошондой эле Касымалиева мыйзам боюнча спикердин ыйгарым укуктары ага, ал эми өкмөт башчынын милдетин аткаруучусу вице-премьер Алмазбек Баатырбеков экенин айтты. Мындан улам Жапаровдун премьер катары кабыл алган бардык чечимдери күчкө ээ эмес дейт.


«Депутаттардын 2020-жылдын 10-октябрындагы мамлекеттик резиденцияда жолугушуусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны катары расмий түрдө тааныла албайт, анткени Конституция талап кылган катышкан депутаттардын санынын кворуму жана аны өткөрүүгө шарт жок болгон. Демек, кабыл алынган чечимдердин бардыгы юридикалык жактан мыйзамсыз жана легитимсиз», — деп түшүндүрдү ал.


Мындан сырткары вице-спикер эгер кимдир-бирөө Жапаровду дайындоо тууралуу документке, парламенттин расмий токтомуна кол койсо, «мындай аракеттер бийликти күч менен басып алуу квалификациясына туура келип калат» деп билдирди. Ал жыйындын легитимдүү эместигин сотто далилдей турганын кошумчалады.

«Биз эртең чыга албай турган туңгуюкка кирип баратабыз»

Жыйынга катышпаган башка депутаттар да сотко кайрылышаарын айтышууда. Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко кабарлады. Ал жыйын регламентти одоно бузуп, мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгиледи. Анын айтымында, премьердин талапкерлиги жана анын программасы көпчүлүк коалицияда, фракцияларда жана комитеттерде талкууланышы керек болчу. Бирок андай болгон эмес.

Ошондой эле Никитенко, депутаттар ынтымакка келип, «премьерди, өкмөттү жана спикерди нормалдуу шайлап» алышы керектигин билдирди.

Никитенко

«Бүгүн биз эртең чыга албай турган туңгуюкка кирип баратабыз. Достор, дагы бир жолу, артыкчылык жана кемчиликтерде тараза ташына салып, кайратыңарды жыйнап, чын дилиңерден жооп бергилечи. Силер өлкөгө ушундай өлкөнү, баяш аягы жок келечекти тандайсыңарбы?!» — деп кайрылды ал.


«Укуктук, мыйзамдык негизге кайтуубуз керек»

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев кайрылуу жасап, 6-10-октябрда өткөн парламенттин жыйындарында Конституция бузулганын маалымдады.

Анын айтымында, жыйындарда мыйзамдын 75, 77 жана 6-беренелери бузулган. Аларга ылайык, жыйынга депутаттардын көпчүлүгү келбесе, добуш берүү жашыруун түрдө өтүшү керек эле.

Ошондой эле ал парламенттин экс-спикери катары президент менен Жогорку Кеңештин саясий кырдаалды турукташтыруу жана укуктук талаага кайтуу боюнча аракеттерин колдой турганын билдирди.


«Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ, өлкөдө түз таасири бар. Муну саясий процесстин бардык катышуучулары эске түйүп, кыңк этпестен аткарышы керек. Ошондуктан, юристтердин жана башка көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин пикирине тилектеш болуп, Жогорку Кеңешти кайрадан жыйынга чогулуп, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн кворумду камсыз кылууга чакырам», — деди Эркебаев.


Ошондой эле акыркы кырдаалга байланыштуу «Республика» партиясы да расмий билдирүү таратып, премьер-министрдин милдетин аткаруучусунун жана өкмөттүн курамын бекитүүнүн легитимдүүлүгү күмөн жаратканын билдиришти.

«Укук коргоо органдарынан, алардын жетекчилеринен, ошондой эле саясий күчтөрдөн оппоненттерди коркутуу жана куугунтуктоону токтотушун талап кылабыз! Мындай аракеттер коомдогу кырдаалды кайрадан күчтөнтүп, чыңалуу жаратып салат!» — деп жазылат партиянын расмий билдирүүсүндө.

Ошондой эле партия, башка баардык партияларга, саясий, коомдук күчтөргө парламенттик шайлоону өз убагында, эркин жана акыйкат өткөрүү үчүн биригүүнү сунуштады.

Юристтер аныктап чыккан мыйзам бузуулар

«Адилет» укук клиникасынын юристтери жыйындын видеожазмасын талдоого алып, эл өкүлдөрү «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Регламенти» тууралуу мыйзамын бузушкандыгын билдиришти.

Алардын айтымында жыйында:

  • кворумдун тартиби сакталган жок — жыйында кырктан ашык эмес депутат отурган;
  • жыйын протоколдуштурулган эмес;
  • добуш берүү үчүн ишеним кагаздарын, келбеген эл өкүлдөр башка партиядагы кесиптештеринен берип жиберишкен;
  • жыйындын төрагалары, конкреттүү түрдө эл өкүлдөрүнүн кимиси, кайсы депутатка добуш берүү укугун өткөрүлүп берилени тууралуу маалыматташкан эмес;
  • ачык добуш берүү жана эл өкүлдөрүнүн берилген добуштарын саноо эрежелеринин тартиби бузулган — парламентарийлер добушун берүүдө кол көтөрүү ыкмасын колдонушкан, төрага атын атап, сурамжылоо жүргүзгөн эмес;
  • парламенттин көпчүлүк коалициясы, чынында Садыр Жапаровду премьерликке талапкер катары чыгарышкандыгы тууралуу аныктама жок.

«Конституциянын жана мыйзамдуулуктун одоно бузулгандыгы үчүн, эң биринчиден кворумдун жоктугу үчүн жыйын ишке ашырылган жок деп эсептесе болот. Демек, Жогорку Кеңештин чечимдерин мыйзам чегинде кабыл алуу мүмкүн эмес», — деп юристтер корутундулашты.

Ошондой эле жыйында бир катар мыйзам бузуулар болгонун юридикалык илимдердин доктору Сания Токтогазиева да билдирди.

Анын айтымында, депутаттар каттала баштагандан кийин 15 мүнөттүн ичинде кворум жок болсо, төрага тыныгуу жарыялайт. Эгерде 15 мүнөттүн ичинде кворум камсыздалбаса, анда жыйын болбой калды деп эсептелет.

Токтогазиева

«Кечээ Абдылдаевдин кворумсуз Жогорку Кеңештин жыйынын ачканы Эрежелер жөнүндөгү мыйзамды бузгандык болду. Садыр Жапаров — мыйзамсыз бекитилген премьер-министр», — деп жазды Токтогазиева.


«Мыйзамдын бир да тамгасы бузулган жок»

Анткен менен Жапаровдун шайлануусун талкуулагандарды «каралоо» деп эсептеп, анын бийлигин «мыйзамдуу» дегендер да бар.

Жапаровдун жакын досу жана мурунку партиялашы «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев аны бекитүүдө «Мыйзамдын бир да тамгасы бузулган жок» деп, ал эми жыйындын мыйзамсыздыгы боюнча айтылган пикирлерди «провокация кылып, элге жалган маалымат таратуу» деп эсептейт.

Ташиев

«Учурда жыйында кворум жоктугун айтып чыккан адамдардын башкы максаты өлкөнү кайрадан башаламандыкка алып келүү окшойт», — дейт Ташиев.


Ошондой эле ал, жыйындын мыйзамсыз өткөнүн айткан Канат Исаев менен Аида Касымалиеваны сынга алып, «Исаев өлкөдөгү стабилдүүлүктү буза турган болсо керт башы менен жооп берерин», ал эми Касымалиевага «элдин тынчтыгы кереги жок» деп айтты.

Ошондой эле, жыйын учурунда төрагалыктан кеткенин айткан Мыктыбек Абдылдаев жыйынды өткөрүүдө «бардык мыйзамдар сакталганын» айтууда.

Ал эми аталган партиянын мүчөсү, Жапаровду тарапташы Мелис Аспеков «учурда легитимдүү өкмөттү каралоо күч алып жатат» дейт.

Анын айтымында, Жапаровду шайлоодо кворум болгон. Депутаттар алгач анын талапкерлигин «Достук» мейманканасында бекитип, «шашкандыктан» өкмөттүн программасы менен курамын бекитпей калышкан. Мындан улам алар кайрадан чукул жыйынга чогулушуп, министрлер кабинети менен программасын бекитишкен.

Аспеков

«Ал жерде премьер-министрди бекитүү маселеси турган эмес. Кворум болду деп Мыктыбек Абдылдаев өзү айтты. Ишеним кат менен кошо 63 киши болду», — деп түшүндүргөн Аспеков.


Парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу учурда талап кылынып жатканы менен түшүндүрүп жыйынга катышкандардын тизмесин жарыялады. Анда 54 депутаттын фамилиясы калем менен ак кагазга жазылып, бирок расмий бекитилген эмес.

Мындан улам соцтармактардын колдонуучулары тизме жазылган ак кагазга дата жазылбаганын, кол коюлбаганын жана мөөр басылбаганын сынга алышты.