12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 9-октябрда массалык башаламандыктарды уюштурду деп шектелгендердин баш коргоо чарасы каралды.
Ал үчүн УКМКнын ТИЗОсунан ИИМдин башчысынын экс-орун басары Курсан Асановду, ал эми Бишкек ШИИБнин Убактылуу кармоочу жайынан (УКЖ) «Социал-демократтар» партиясынын талапкери Темирлан Султанбековду, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовду жана УКМКнын Тогузунчу бөлүмүнүн мурдагы кызматкери жана Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевди сот залына алып келишти.
Сот Султанбеков, Ниязов жана Сагымбаевди 2020-жылдын 10-декабрына чейин ТИЗО-1ге киргизүүнү чечти. Курсан Асанов да ушундай эле мөөнөттө абакта болот, бирок УКМКнын тергөө изоляторунда.
Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов массалык башаламандыктарды уюштуруу айыбын сандырак деп атады.
Ошондой эле ал коргоп аткан адамынын кармалганы мыйзамсыз болгонун, себеп дегенде ал бүгүнкү күнгө дейре парламенттин депутаттыгына талапкер болуп эсептелээрин белгиледи. Юристтин айтымында, шайлоо жөнүндө мыйзамына ылайык, депутаттыкка талапкер кылмыш жоопкерчилигине тартылып, анын ичинде БШКнын макулдугу жок кармалышы да мүмкүн эмес.
«Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган күндө деле, ал талапкер бойдон кала берет. Талапкерлердин тизмесинен четтетилгени жөнүндө эч кандай документ жок», — деп түшүндүрдү Айткулов.
Султанбековдун адвокаты Чынара Жакупбекова соттун чечимин жогорку инстанцияга даттанаарын айтты.
Сагымбаевдин адвокаты Бакытбек Автандил уулу да бул чечимди даттанаарын билдирди.
Биринчи май райсотунун алдында процесс өтүп аткан учурда, Бишкекте ӨА режими жарыяланганына карабастан ИИМдин башчысынын экс-орун басары Курсан Асановдун 100гө чукул тарапкери чогулуп, камакка алынгандарды колдоо митингин өткөрүп, алардын бардыгын бошотууну талап кылышты.
Ошондой эле сот отурумуна Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, уулу Кадыр Атамбаев, парламенттин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова келип катышты. Көпчүлүк «Генерал!» жана «Темирлан!» деп кыйкырып турду. Айыпталуучуларды эки айга камакка алуу чечими угузулгандан кийин, сот имаратында «Уят!» деген кыйкырыктар жаңырды.
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов бул айыптарга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясын штурмга алууга байланыштуу иш боюнча айыпталуучу катары Бишкектин ТИЗО-1де болуп аткан. 6-октябрда митинг учурунда ал жана УКМКнын ТИЗОсундагы башка да камактагыларды митингчилер бошотуп кетишкен. Ал митингге да катышууга үлгүрүп, бирок 10-октябрда кайра кармалган. Мындан кийин ал коё берилип, андан соң 11-октябрда кайрадан 48 саатка кармалган.
«Социал-демократтар» партиясынын жаштар канатынын лидери Темирлан Султанбеков 10-октябрь күнү 48 саатка камакка алынган. Султанбековго массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча айып тагылууда.
Султанбеков кармалган кийин «Апрель» телеканалы Султанбековдун катын жарыялаган. Анда ал ага карата коркутуулар болуп жатканын жазган. Анын айтымында, УКЖнын конвоири «матраимовчулардын кыйноолорун» айтып опузалаган. 11-октябрда Султанбеков ачкачылык жарыялады.
УКМКнын 10-бөлүмүнүн мурдагы кызматкери жана мурдагы президенттин жансакчысы Канат Сагымбаев да Кой-Таш окуясына байланыштуу иш боюнча айыпталуучу катары өтүп УКМКнын абагында болуп аткан. Ал да 6-октябрда митинг учурунда бошотулуп, бирок 10-октябрда кайра кармалган.
ИИМдин башчысынын экс-орун басары Курсан Асанов 10-октябрда кармалган. Ал Бишкекте массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган. Шайлоонун жыйынтыгына каршы болгон массалык митингден кийин Асанов өзүн ички иштер министиринин милдетин аткаруучулук кызматка дайындап алган.
5 күндүк саясий кризис
5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместердин тынчтык митинги башталган. Саат 11ден тартып митинг тынч өткөн. Кечке маал нааразы тараптын айрымдары Ак үйдүн тосмосун жулкулдатып башташкан. Ошондон кийин гана, курал-жарагы жок, күнү бою көчөлөрдө тартипке көз салган укук коргоо кызматкерлери митингчилерди кубалай башташкан. Акциянын катышуучуларын күч менен таркатуу учурунда 19 жаштагы бала жарадар болуп, көз жумган.
Күч кызматкерлери суу аткычтарды, резина окторду, газ, үн чыгаруучу гранаталарды колдонушкан. Ал эми митингчилер аларды көздөй таш ыргытып, союлдарды колдонушкан. Түн жарымдан кийин күч салмагы ооп, митингчилер парламенттин имаратын басып ала алышкан. Ал убакта эки тарапта тең жарадар алгандар болгон.
Андан соң демонстранттар УКМКга барып, дарбазасын талкалашкан, ал эми атайын кызматтан жаңжалдын кереги жоктугун айтып, жергиликтүү ТИЗОдон мурдагы президент Атамбаевди бошотуп беришкен. Андан кийин Атамбаевдин тарапкерлери анын үзөңгүлөштөрүн, Сапар Исаковду жана мурдагы жансакчыларын бошотушкан. Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев 6-октябрда чыккан сот чечиминин негизинде Алмазбек Атамбаев жана Кой-Таш окуясы боюнча башка соттолгондор 2020-жылдын 11-ноябрына чейин үй камагына чыгарылганын кабарлаган.
Ошол эле учурда Атамбаевге оппозициячыл маанайдагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары аны абактан бошотууга үлгүрүшкөн. Андан кийин алар Жапаровду борбордук аянтка алып келип, премьер-министрлик кызматка дайындоо талабын айтып чыгышкан.
Агрессивдүү эркектерден турган топ 10-октябрга чейин Жапаровдун премьер болушун талап кылып, аянттан кетпей коюшкан. Алар дүкөндөрдү талап-тоноого, журналисттерге кол салууга аракет кылышкан. Ал эми 9-октябрда оппозициянын жана УКТга каршы тынчтык митингинин катышуучуларына кол салышкан. Алардын катарында Алмазбек Атамбаев жана ага тиешеси жок оппозициячыл жаш саясатчылар дагы болгон.
Эки митингдин кагылышуусунда Атамбаевдин автоунаасына белгисиз адам төрт жолу ок чыгарган. Нааразычылык акциясынын натыйжасында депутаттар тобу тарабынан премьер-министрлик кызматка дайындалган Садыр Жапаров, ок атууну Атамбаев өзү уюштурган деп билдирген. Садыр Жапаровдун премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганы жөнүндөгү токтомго парламенттин вице-спикери Мирлан Бакиров 12-октябрда кол койгон. Бакиров парламенттик шайлоого Матраимовдорго тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер. Эми жогорудагы токтомго президент Сооронбай Жээнбеков кол коюшу керек.