Бишкекте Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышат

Жогорку Кеңеш премьер-министрликке бекиткен Садыр Жапаровдун тарапташтары Бишкек шаарында президенттин отставкасын талап митингге чыгышты. Калаадагы эски аянтка миңдей киши чогулду.

Ошондой эле чогулгандар Жапаровдун талапкерлиги 14-октябрда премьер-министрликке жактырылганына карабай, 10-октябрда өткөн жыйынды мыйзамдуу деп табууну талап кылып жатышат.

Алар Жээнбеков бүгүн отставкага кетпесе, «мамлекеттик резиденцияга бастырып барышаарын» айтышууда.

Буга чейин парламент «Ала-Арча» резидениясына чогулуп, Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка бекитишкен. Ошондой эле өкмөттүн курамы жарым-жартылай жаңыланды.

Жапаровду өкмөт башчылыкка дайындоо маселеси ушуну менен үчүнчү жолу каралды — мурдараак 10-октябрда да 54 депутат чогулуп, 10у ишеним кат аркылуу аны өкмөт башчылыкка шайлашкан. Биринчи жыйын «Достук» мейманканасында өтүп, ага ишеним катты кошкондо 63 добуш бергени кабарланган.

Бирок көпчүлүк Жапаровдун шайланышын мыйзамсыз деп аташкан — алар эки жыйында тең кворум сакталбай, ишеним кат берүүдө эреже бузулган дешкен. Алардын арасында мурдагы биринчи вице-спикер Аида Касымалиева, мурдагы премьер-министр Фелик Кулов, жаныдан спикер болуп шайланган Канат Исаев жана бир катар саясий партиялардын лидерлери да бар.

Буга карабай токтомго вице-спикер Мирлан Бакиров кол коюп, ал президентке жиберилген. Өлкө башчы 13-октябрда Жапаровду шайлоодо мыйзам бузулганын айтып, токтомду артка кайтарган. Ал маселени парламенттин 14-октябрдагы жыйынында карап чыгууну сунуштаган.