Өлкөдө коронавирустун 388 жаңы учуру катталды — жалпы 50 589 учур

Республикалык штабдан 15-октябрга карата коронавирустун жаңы 388 учуру катталганын кабарлашты. Жаңы катталган учурлардын 310у лабораториялык тастыкталган.

Аймактар боюнча:

Жалал-Абад облусунда – 86;

Баткен облусунда - 83;

Бишкек шаарында — 59;

Ош шаарында — 55;

Ош облусунда — 50;

Ысык-Көл облусунда – 19;

Чүй облусунда – 19;

Талас облусунда — 16;

Нарын облусунда — 1.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 196 бейтап айыгып, беш киши көз жумду.

Коронавирустан айыккандардын аймактар боюнча көрсөткүчү:

Жалал-Абад облусунда — 62;

Ош облусунда — 40;

Баткен облусунда — 32;

Ош шаарында — 20;

Бишкек шаарында — 17;

Чүй облусунда — 12;

Ысык-Көл облусунда — 12;

Талас облусунда — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 50 589га жетти — алардын ичинен 45 080 бейтап оорудан айыкты. Ошондой эле коронавирустан 1 099 киши каза болду.

Бүгүнкү күндө коронавирустан 2 092 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле 1 847 киши үй шартында дарыланууда.

Акыркы суткада коронавирус 32 медициналык кызматкерде да аныкталды. Алардын арасында Жалал-Абад облусунда — 14, Баткен облусунда сегиз, Талас облусунда алты, Бишкек шаарында эки, Ысык-Көл жана Чүй облустарында бирден.

Ошондой эле өткөн суткада сегиз медкызматкер айыкты. Жалпысынан COVID-19ду 3 488 медик жуктуруп, алардын 3 113 оорудан сакайган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.