Садыр Жапаровдун тарапташтары спикер Канат Исаевдин отставкасын талап кылууда

Sputnik Кыргызстандын трансляциясынан алынган скриншот.

Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенине карабай, премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташтары митингин токтоткон жок. Алар Бишкектеги «Ысык-Көл» мейманканасынын алдында чогулушту.

Эми митингге чогулгандар парламенттин спикери Канат Исаевдин отставкасын талап кылышууда. Конституциянын 68-беренесине ылайык, жаңы өлкө башчысы шайланганга чейин спикер президенттин милдетин аткарат.

*Мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоо президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт — Кыргызстандын Конституциясынын 68-беренеси

Чогулгандар премьер-министр Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарышы үчүн Канат Исаевдин отставкасын талап кылышууда. Эгерде Жапаров президенттин милдетин аткара турган болсо, Конституцияга ылайык, ал мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоого катышуу укугунан ажырайт.

*Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, өкмөттү кызматтан кетирүүгө, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз — Кыргызстандын Конституциясынын 68-беренеси.

Митингге чыккандар «Биздин президент Садыр Жапаров», «Канат Исаев кетсин» деген ураандар жазылган баннерлерди басып чыгарууга үлгүргөн. Ошондой эле ушундай ураандарды кыйкырышкан.

Жапаровду президент болсун дегендер, алтынчы чакырылыш өзүн-өзү таратсын деген талапты дагы коюшууда.

Жээнбековдун Отставкасы

Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп 5-октябрдан тарта митингге чыккандар тынчыбай койгондуктан жана өлкөдө саясий кризис курчуп кеткендиктен кызматтан кетти.

Жээнбеков бийлигин тапшырып жатып, бийликке жармашпай турганын жана «коомдун тынчтыгы үчүн» ушул кадамга барганын айтты.

Президенттин отставкасы жаңы премьердин алгачкы жана негизги талаптарынын бири болду. 10-октябрда өткөн парламенттин жыйынында Садыр Жапаров президент менен жолукканын, ал бир нече күндүн ичинде ордун бошотоорун убада кылганын кабарлаган.

Андан кийин жаңы өкмөт башчы менен президенттин ыйгарым укуктарын тапшыруу тууралуу сүйлөшүүлөр узакка созулуп кетти

6-октябрга караган түнү Жогорку Кеңештин имараты басып алынгандан кийин эле митингчилер Жээнбековдун отставкасын талап кылып башташкан. Бирок ошондо саясий маанай ар кандай болгон — бир катар саясатчылар менен активисттер президентке импичмент жарыялоого чакырышкан, башкалары андан өз эрки менен кетүүсүн талап кылышкан. Үчүнчүлөрү өлкө саясий кризистен кийин мыйзам нугуна түшүшү үчүн ал мөөнөтүнүн аягына чейин кызматында калышы керек деп айтып чыгышкан.