Мирбек Атабеков парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы тынчтык митингинде. 2020-жылдын 5-октябры.

5-октябрда башталган нааразылык акцияларында саясий позициясын билдирип чыккан белгилүү ырчы, Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков өлкөдөгү соңку окуялар боюнча өз ойлорун «Азаттыкка» бөлүштү.

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарык көргөн.

— Сиз 5-октябрда Ала-Тоо аянтында башталган митингге катышып сөз сүйлөдүңүз. Муну менен сиз калың эл алдында алгачкы ирет өзүңүздүн саясий позицияңызды билдирдиңиз окшойт. Ал жакка кандай максатта бардыңыз эле?

— Шайлоо адилетсиз өткөнүнө баарыбыз эле күбө болдук. Добуш берүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузулганын далилдеген көп эле видеолор чыкты. Анын үстүнө оппозициядагы бир да партия жетиштүү добуш топтой албай калды. Биз да ушунун баарына нааразылыгыбызды билдирели деген максатта бардык.


Мен эч кимди аянтка чыгууга же бийликти басып алууга чакырган жокмун.


Жубайым экөөбүз аянтка кечке жуук бардык. Тынч митингде, эл алдында ырчы эмес, Кыргызстандын жараны катары өз позициямды айттым.

Башамаландык болот деген ой келген эмес, анткени ошол маалда баары тынч болчу. Тынч болбосо мен жубайымды ээрчитип ал жакка барбайт элем.

Эртең менен турсам, президенттик администрацияны басып алышыптыр. Андан соң бийликке баягы эле эски саясатчылар умтулуп жатканын көрдүм. Ошол маалда мага тааныштарым чалып, «Филармония тарапта өз ойлорун билдирүүнү көздөгөн жаштар чогулуп жатканын» айтышты. Мен аларга колдоомду билдирүү үчүн баргам.

Биз чыгармачыл жаштардан турган «Эл үнү» деген топко кирип, тараптарды ынтымакка, мыйзамдуулукка чакырып, баягы эле эскилер эмес, бийликке жаңы жүздөр, анын ичинде жаштардын да келишин талап кылдык.


Мекен үчүн иштеген, таза адамдар келсин деген талаптарды колдодук.


Бүгүнкү күнгө чейин биргебиз жана эч кандай саясий топко кошулбайбыз. Мен да эч кандай саясий топко кошулбайм, тиги же бул саясатчыны колдобойм. Болгон каалоом - Кыргызстан үчүн күйгөн, адилеттүүлүктү орното алган жана тынчтыкты камсыз кыла алган адамдардын бийликке келиши. Мага элимдин ынтымагы, тынчтык баарынан маанилүү.

«Эл үнү»

— Азыр «бийликке кайра эле эски жүздөр келди, ал эми жаштар бири-бири менен сүйлөшө албайт экен, ынтымакка келе албайт экен» деген сөздөр айтылып жатпайбы. Сиз буга кандай карайсыз?

— Тилекке каршы ошондой болуп жатат. Бул эми жалаң эле жаштарга тиешелүү эмес. Чын ниетинен мекенге күйгөн, акылдуу, билимдүү жаштар бар. Бирок жаш саясатчылар ар кайсы партияларга чачырап, позициялары бир жерден чыкпай калып жатат. Ошол жаштар кайсы гана партияга кирбесин, биригип, ынтымактуу болуп, чагымчыларды ээрчибей, келечек үчүн бирге салым кошууну каалайт элем. Бир күнү ошондой болот деген үмүтүм бар.

— Мирбек, жакында эле жаш саясатчы, шайлоо өнөктүгүнүн маалында өзүн көрсөтө алган Темирлан Султанбеков камалды. (Султанбеков 14-октябрда үй камагына чыкты-ред.) Анын камалышына сиз да каршы болдуңуз. Жаштар чоң саясаттын курмандыгына, куралына айланып калган жокпу?

— Албетте, курал болуп калды. Темирлан Султанбековдун камалышына мен да каршымын, анда эч кандай күнөө жок. Ошол жерде аттуу-баштуу саясатчылардын баары болушту. Алардын арасынан Султанбековду камап салганы туура эмес деп ойлойм.

Учурда мени да ар кандай саясатчылардын тарапташтары каралай баштады. Айтпаган сөздөрдү айтты деп, ар кандай калптарды токуп жатышат.


Мен алардын бардыгына чыдоого даярмын. Анткени эркин мамлекетте ар кандай сын пикирлер айтылышы керек жана биз аларды туура кабыл алышыбыз зарыл.


Жаш, акылдуу, билимдүү, таланттуу инсандар тилекке каршы чоң саясаттын курмандыгы болду. Биздин Үмүт аттуу инибиз бөөдө жерден каза тапты.

— Башында тынч башталган акциянын талаптары эстен чыгып, учурда дагы эле бийлик талаш уланып жатат. Сиздин оюңуз боюнча ушул учурда лидерлер эмне кылыш керек эле?

— Менимче бири-бирине буга чейин болгон таарынычтарын артта калтырып, жеке дымагын тизгиндеп мамлекетти ойлошу керек эле. Тополоң болуп жатканда өз кызыкчылыктарын көздөбөй биригип, жаштарды да кошуп, элди туура нукка салса болмок. Соңку окуялар баарына сабак болуп, пандемия шартында, экономика кысталып турганда элди ойлоп, пайдалуу иштерди кылышат деген ишенич бар.

— Чыгармачылыгыңызга кайрылсак, шайлоонун эртеси эле сиз Нурак Абдрахмановдун «Бул дүйнө» деген чыгармасын өзүңүздүн аткарууңузда жарыяладыңыз. Анын мааниси азыркы окуяларга дал келип калды. Бул ыр качан, эмнеден улам жаздырылды эле?

— Бул жыл жалпы адамзат үчүн оор болду. Кыргызстанды жайында каптаган коронавирус кризиси, элибиздин кыйналганы албетте, чыгармачыл адамдарды да ойлондурбай койгон жок. Ошондон улам быйыл мен шайлоодо эч бир партиянын үгүт ишине катышкан жокмун, кайсы бир партияны колдоого күйөрмандарымды да чакырган жокмун. Бир партиянын гимнин гана ырдап бердим, бирок жеке өзүм эч кандай чакырык таштаган жокмун.

Бул чыгарма мурда эле жазылган. Үч-төрт айдан кийин жарыкка чыгарууну көздөп жаткам. Буга чейин эле күйөрмандарыма ушундай «Бул дүйнө» деген аталыштагы альбом чыгарууга убада бергем. Соңку окуялардан улам ырды эрте чыгарганга туура келди.