Башкы прокурор: Матраимовдорго карата кылмыш иштери козголгон эмес

Матраимовдордун үй-бүлө мүчөлөрүнө кылмыш иши козголгон эмес. Бул тууралуу «Ала-Арчада» өткөн парламент жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди. Буга чейин кландын мүчөлөрүнө иш козголду деп «Чоң Казат» партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев айтып чыккан. Жапыкеев борбордо башаламандыктар күч алып, Ак үй басылып алынган соң өзүн-өзү башпрокурорлукка дайындап алган эле.

Жапыкеев кылмыш иштери бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго гана эмес, президент Сооронбай Жээнбековго, анын иниси Асылбек Жээнбековго жана мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге да козголгонун жарыялаган.

6-октябрдан бери Жамшитовдун кайда жүргөнү белгисиз болчу. Бирок 11-октябрда иш ордуна кайтып келип, жыйын өткөргөн. Ал эми Сыймык Жапыкеев митинг өтүп жаткан борбордук аянтка кайтып келип, президенттин отставкасын жана парламенттин таркашын талап кылган Садыр Жапаровдун тарапташтарына кошулган.

Анын партиялашы Максат Мамытканов Садыр Жапаровдун жаңы өкмөтүндө вице-премьер-министрлик кызматка отурду.

Матраимовдор

Матраимовдор — өлкөдөгү эң таасирдүү кландардын бири. 2019-жылдын майында «Азаттык» Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу жана ага Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү жөнүндө иликтөө чыгарган. Кийинчерээк Матраимовдор акча каражаттарынын чыгарылышына тиешеси жок экенин айткан, ал эми финпол журналисттердин жүйөөлөрүн текшерип, чет өлкөдө Матраимовдордун мүлкү табылган эмес деп билдирген.

2019-жылдын күзүндө «Азаттык» радиосу жана «Клооп» «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу биргелешкен журналисттик иликтөө жарыялашкан. Анда кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр менен Матраимовдордун байланышы тууралуу баяндалган.

Журналисттердин маалыматчысы — Айеркен Саймаити — өлкөдөн мыйзамсыз 700 миллион доллардан ашык акчаны алып чыккандыгын мойнуна алган. Коррупциялык тармак ошол кездеги бажы кызматынын башчысынын орун басары Раим Матраимовдун жардамы менен жөнгө салынгандыгын айтып келген. Иликтөөнүн чыгышына 11 күн калганда, Саймаити Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Ал жерде Саймаити акыркы жылдары Абдукадыр кланы менен карым-катнашы бузулгандан кийин жашап калган.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин мураскери экөөнүн ортосундагы мамилесинин салкындашына Сооронбай Жээнбековдун Матраимовдор менен «достошуусу» дагы себепкер болгон. Атамбаев экс-бажычыны «Райым-Миллион» деп атат, Жээнбековдун алар менен ымаласы бар деп көп ирет айыптаган.

6-октябрда Жогорку Кеңештин имараты басылып алынгандан кийин Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов кызматтан кетип, Кыргызстандан чыгып кетүү аракетин көргөн, бирок ал өзбекстандык чек арачылар тарабынан кармалып, Кыргызстандын атайын кызматына өткөрүлүп берилген.

9-октябрда Ош шаардык соту Тилек Матраимовду бир айга камакка алган. Ал чек ара аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз өткөндүгү үчүн кармалып турган. Матраимов УКМКнын Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы башкармалыгынын ТИЗОсунда 9-ноябрга чейин болушу керек эле. Бирок 15-ноябрда Ош областтык соту, Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимовду үй камагына чыгарды.

Премьер-министр жана президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан Садыр Жапаров Матраимовдордун күнөөсү тастыкталса, жоопкерчиликке тартыларын билдирген. Бирок Искендер Матраимов жана анын тарапташтары, Жапаровду премьерликке күрөшүп жаткан учурда колдогону үчүн таасирдүү клан менен сүйлөшүп алды деп шектелген. Бирок Жапаров бул айыптоолордун бардыгын четке каккан. Ошондой эле аны «Мекеним Кыргызстан» партиясын фейсбукта жактап келген фейк аккаунттар дагы колдой баштаган. Бул партия менен Искендер Матраимов шайлоого аттанган болчу.