Сооронбай Жээнбеков: «Кадырман элим ар бириңерден кечирим сурайм»

Жогорку Кеңеш 16-октябрда кезексиз жыйынга «Ала-Арча» резиденциясына чогулду. Депутаттар бүгүн президенттин отставкасын жана өзгөчө абал маселесин карап чыгат.

Жыйынга 76 депутат келгени кабарланды. «Ала-Арча» резиденциясына президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Садыр Жапаров да келишти.

Заседание парламента

Заседание депутатов парламента. В повестке приянтие отставки президента Сооронбая Жээнбекова и временное возложение его полномочий на спикера или премьер-министра.

Posted by Kloop on Thursday, October 15, 2020

Жээнбеков кайрылуу жасап, анын отставкага кетүү чечими коомчулук тарабынан ар кандай кабыл алынып жатканан белгиледи. Ошондой эле «бул туура чечимби же жокпу – тарых жана убакыт таразалайт» деп айтты. Мындан сырткары кызматтан «тынчтыкты сактап калуу максатында кетип жатканын» да бир ирет кайталады.

«Урматтуу мекендештерим, тарапташтарым. Мына мен шайланганыма 3 жыл болду. Өлкөбүздүн тарыхы 6-октябрга чейин жана андан кийинки учуру деп өлчөнүп калды. Бул факт. Бул бурулуш эмне алып келет тарых өз баасын берет. Бул күндөр ар бир кыргызстандык үчүн эң оор күндөр болду. Менин дарегиме колдоо айтуу менен бирге мамлекет башчысы катары тез арада кырдаалды жөнгө салуу керектиги боюнча катуу сындар айтылды. Болгон күч аракетимди өлкөнү укуктук талаасына кайтарууга жумшадым. Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок экенине дагы бир ирет ынандым», — деп түшүндүрдү Жээнбеков.

Ал Орусия, Казакстан, АКШ, Түркия, Улуу Британиянын башчыларына жана Бириккен улуттар уюмунун жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле «Кудай алдында, кадырлуу журтумдун алдында жүзүм жарык» деп айтты.

«Албетте, бүтпөй калган иштер калды. Буга ичим ачышпай койбот. Аткарылчу дагы милдеттер көп эле. Ар бир президенттин чоң кыялы, максаты болот экен. Менин амбициялуу максатым – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору эле. Бийликке келе жаткан азаматтарга ушул ишти улантуу аманатын калтырып, кетип жатам. Иш болгон жерде кемчилик болот. Бул үчүн кадырман элим ар бириңерден кечирим сурайм», — деди президент.

Президенттин кайрылуусунан кийин спикер Канат Исаев анын милдетин аткаруудан баш тартканынан кабарлады. Мындан улам президенттин ыйгарым укуктары премьер-министр Садыр Жапаровго өттү.

«Кудайга тообо, эч кандай мародерчулукка алып барбай, эч кандай басып алууларга алып барбай, “мамлекетте үчүнчү жолу төңкөрүш болду” деген сөздү калтырбай, тынчтык жолу менен мыйзамдуу жолу менен бийлик алмашып жатканына биз миң жолу ыраазы болушубуз керек. Мындан ары мага жүктөлгөн милдеттерди толук аткарууга, бардык күч аракеттерди ички жана тышкы саясаттарда мурда кандай келип жатса ошону улантууга бардык күч аракетимди жумшаймын», — деди Жапаров.

Жээнбековдун отставкасы

Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп 5-октябрдан тарта митингге чыккандар тынчыбай койгондуктан жана өлкөдө саясий кризис курчуп кеткендиктен кызматтан кетти.

Жээнбеков бийлигин тапшырып жатып, бийликке жармашпай турганын жана «коомдун тынчтыгы үчүн» ушул кадамга барганын айтты.

Президенттин отставкасы жаңы премьердин алгачкы жана негизги талаптарынын бири болду. 10-октябрда өткөн парламенттин жыйынында Садыр Жапаров президент менен жолукканын, ал бир нече күндүн ичинде ордун бошотоорун убада кылганын кабарлаган.

Андан кийин жаңы өкмөт башчы менен президенттин ыйгарым укуктарын тапшыруу тууралуу сүйлөшүүлөр узакка созулуп кетти

6-октябрга караган түнү Жогорку Кеңештин имараты басып алынгандан кийин эле митингчилер Жээнбековдун отставкасын талап кылып башташкан. Бирок ошондо саясий маанай ар кандай болгон — бир катар саясатчылар менен активисттер президентке импичмент жарыялоого чакырышкан, башкалары андан өз эрки менен кетүүсүн талап кылышкан. Үчүнчүлөрү өлкө саясий кризистен кийин мыйзам нугуна түшүшү үчүн ал мөөнөтүнүн аягына чейин кызматында калышы керек деп айтып чыгышкан.