Өлкөдө коронавирустун 384 жаңы учуру катталды — анын 118и Баткенде

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясы

Республикалык штаб 20-октябрда өткөн суткада коронавирустун жаңы 384 учуру катталганын кабарлады.

Аймактар боюнча:

Баткен облусунда - 118;

Ош шаарында — 67;

Жалал-Абад облусунда – 57;

Ош облусунда — 52;

Бишкек шаарында — 42;

Чүй облусунда – 27;

Ысык-Көл облусунда – 15;

Талас облусунда — 6.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 276 бейтап айыгып, эки киши көз жумду.

Коронавирустан айыккандардын аймактар боюнча көрсөткүчү:

Баткен облусунда — 54;

Жалал-Абад облусунда — 52;

Ош облусунда — 52;

Бишкек шаарында — 37;

Ысык-Көл облусунда — 29;

Ош шаарында — 20;

Чүй облусунда — 20;

Талас облусунда — 6;

Нарын облусунда — 6.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 52 910го жетти — алардын ичинен 46 139 бейтап оорудан айыкты. Ошондой эле коронавирустан 1 113 киши каза болду.

Бүгүнкү күндө коронавирустан 2 690 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле 2 481киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.