«Эң мыкты жетекчи». Оштогу Раззаков мектебинин директору пневмониядан каза болду

Карпушкина

Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы №20 мектептин директору Светлана Карпушкина 21-октябрда эки тараптуу пневмониядан улам каза болду. Ал 72 жашта болчу.

Маалыматты шаардык билим берүү башкармалыгы тастыктап, аны «мыкты жетекчи» катары эскеришти.

«Билим берүү тармагына зор салым кошкон чыгаан инсан, өз кесибин өзгөчө сүйгөн улуу педагог бүгүн дүйнөдөн кайтты. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат», — деп жазылат некрологдо.

Орусиядан келген кыз

Карпушкина окуучулары менен

Карпушкина Орусиянын Омск шаарында дүйнөгө келген. Ал 6 жашында үй-бүлөсү менен ошол кездеги Фрунзе, азыркы — Бишкек шаарына көчүп келген. Орто мектепти аяктаган соң Оштогу педагогикалык институттун тарых факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 21 жашында Ош шаарындагы №20 Исхак Раззаков мектебинде мугалим болуп баштаган. Ал эми 1995-жылдан бүгүнкү күнгө чейин аталган мектепти жетектеп келген.

Билим берүү тармагындагы жигердүү эмгеги үчүн «Билим берүүнүн мыктысы», «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамдарына жана бир катар ардак грамоталарга татыган.

Шаар тургундары жана Карпушкинанын окуучулары аны «кайталангыс мыкты жетекчи» жана «ак-көңүл, таза инсан» катары эскеришүүдө.

Маркум дээрлик бүт өмүрүн Раззаков мектебине арнады. Анын артында кызы жана небереси калды.

Илдет кайрадан күч алды

Өлкөдө коронавирус жана ал шарттаган пневмония илдети кайрадан күчөй баштады — оорудан каза болгондордун саны күндөн-күнгө өсүүдө.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 53 459га жетип, андан каза болгондордун саны 1 118ди түздү.

Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги элди санитардык талаптарды сактоого чакырууда. Ошондой эле илдетти жуктургандар көбөйгөн аймактарга бир катар чектөөлөр кирди.

Ошто да илдет көбөйгөндүктөн, облустун кире беришине санитардык блок-посттор коюлду. Ошондой эле облустагы Араван районуна карантин киргизилди.