Кара-Кулжа районунун маданият бөлүмүнүн башчысы пневмониядан каза болду

Турганбаев бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун маданият бөлүмүнүн башчысы Иркамил Турганбаев 20-октябрда эки тараптуу пневмониядан улам 61 жашында каза болду. Маалыматты Турганбаевдин кесиптеши Самара Саадалова тастыктады.

Ал Турганбаевди маданият тармагында «үзүрлүү эмгек өтөгөн», «адамгерчилиги жолгору, мыкты инсан» катары эскерди.

«Бул адамды билген, тааныган ар бир адам кабыргасы кайышпай, көзүнө жаш албай койгон жок. Бир туугандай урматтаган, дайыма колдоп турган, жакшы сөзүн аябаган агам, кеңешчим эле», — деди ал.

Ошондой эле Турганбаевдин жакындары анын фейсбук баракчасына эскерүүлөрдү жазышууда.

«Бала мүнөзү, ак көңүлдүгү, жайдарылыгы, уюштургуч сапаттары менен элден айырмаланып турчу, кайран жигит! Мыкты ата, мыкты дос эле эмес, таланттуу музыкант, обончу, акын катары да белгилүү эле. Эми гана балдарыңдын жакшылыктарын көрөөр кезде шашып кете бердиң, аттиң!» — деп жазды анын досу Хабибулла Азиреткулов.

Жакындарынын айтымында, Турганбаев акын, обончу жана аткаруучу болгон. Ошондой эле анын калемине таандык бир нече китептер жарык көргөн.

Ал буга чейин райондогу Качыгай айыл өкмөтүндө жетекчи болуп, алты жылдан бери маданият бөлүмүндө эмгектенип келе жаткан.

Турганбаевдин артында жубайы, бир уулу жана төрт кызы калды.

Илдет кайрадан күч алды

Өлкөдө коронавирус жана ал шарттаган пневмония илдети кайрадан күчөй баштады — оорудан каза болгондордун саны күндөн-күнгө өсүүдө.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 53 459га жетип, андан каза болгондордун саны 1 118ди түздү.

Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги элди санитардык талаптарды сактоого чакырууда. Ошондой эле илдетти жуктургандар көбөйгөн аймактарга бир катар чектөөлөр кирди.

Ошто да илдет көбөйгөндүктөн, облустун кире беришине санитардык блок-посттор коюлду. Ошондой эле облустагы Араван районуна карантин киргизилди.