Махабат Мавлянова парламенттик башкарууга өтүүнү сунуштап жатат

Мавлянова

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова өлкөдө парламенттик башкарууну орнотууну сунуштады. Ал мындай пикирин парламенттин 21-октябрдагы кезексиз жыйынында билдирди.

Мавлянованын айтымында, өлкөдө президенттик жана парламенттик башкаруу болгону менен «көбүнесе президент башкарат». Мындан улам ал парламенттик же президенттик башкарууну орнотуу үчүн референдумду президенттик шайлоодон мурда өткөрүү керек дейт.

«Январдан кийин президенттик шайлоо болсо [парламенттик башкарууга өтүүгө] эч мүмкүнчүлүк болбойт. Себеби президенттин колунда күч органдары, укук коргоо органдары, бийлик болот. Ошондуктан баарыбыз колубузду жүрөгүбүзгө коюп туруп, шашпай, калчап кесип туруп, ушул парламенттин жасаган ишин тарыхый иш катары калтырыш үчүн иштеп коёлу», — деди ал.

Депутат парламенттик башкаруу менен кошо премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүү керектигин айтууда.

«Мени эч бир фракциясынын лидери, спикер же болбосо азыркы күндөгү президенттин тегереги үгүттөгөн жок. Мен өзүм жеке беш жылда, ушул саясатта жүрүп, мамлекеттин өнүкпөгөнүн көрүп ушул жыйынтыкка келип жатам», — деди Мавлянова.

Буга чейин депутат Алтынбек Сулайманов шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелеп, шайлоо босогосун 7 пайыздан 3 пайызга, шайлоо күрөсүн 1 млн сомго түшүрүүнү жана форма №2ни жокко чыгарууну сунуштаган. Ал муну менен жаңы күчтөрдүн бийликке келүүсүнө шарт түзүлөөрүн айтат.

Ал мыйзам долбоору парламенттин бүгүн, 21-октябрда, «Ала-Арча» резиденциясында өткөн жыйынында каралууда. Ошондой эле жыйында айрым депутаттар өлкөдө президенттик же паралменттик башкарууну орнотуу үчүн референдум өткөрүүнү сунуштап жатышат.