Садыр Жапаров

Премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 30 күндүк экономикалык амнистия жарыялады. Бул чечимин «элдин талабы» деп түшүндүрдү.

Ал мындай мүмкүнчүлүк бир эле жолу берилерин эскертип «казынага түшпөй калган, уурдалган акчаларды» кайтарууну талап кылды.

Жапаров экономикалык мунапыс берүүнүн максаты — мамлекеттик бюджетти толтуруу, кошумча киреше алуу, өлкөдөн чыгып кеткен жана чыгып жаткан мыйзамсыз капиталды кайра кайтаруу, оффшордук эсептердеги акчаларды кайрып келүү, көмүскө бизнестин ресурстарын толугу менен мыйзамдаштыруу, ишкердик чөйрөнүн баарына тең шарттарды түзүү, макроэкономикалык оң натыйжаларга жетишүү, өлкө экономикасына зарыл болгон каражатты тезинен табуу, мамлекеттик тышкы карыздарды төлөө деди.

Ал эң кирешелүү энергетика, бажы, салык, дары-дармек, лицензия берүүчү, тоо кен ж.б. тармактарда иштеген мамлекеттик кызматкерлерге, ишкерлерге жана жарандарга да кайрылды.

«Өзүнүн коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөн коррупционерлерге, ар кандай компанияларга үлүштөргө отуруп алган мурдагы чиновниктерге, ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болгон атка минерлерге, салыктарды төлөбөй качып жүргөн жарандарга, кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге, мыйзамдарды бузуп жүргөн чиновниктердин тобуна, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине, бажычыларга жана финансисттерге 30 күн убакыт берем», — деди Жапаров.

Жапаров «казынадан уурдалган жана мүлктөрүн жаап жашыргандарга» ачыкка чыгууну талап кылды. Анын айтымында, кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык мунапыс берүү жана акча каражаттарын, кыймылдуу-кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу үчүн укуктук-ченемдик негиздер даярдалат.

«Укук коргоо тергөө органдары менен кызматташып, ички инвестиция жасап, акчаларды экономикабызга кайрып бергиле. Ошондо баарыңарга административдик жана экономикалык кечиримдер болот», — деди ал.

Ошондой эле, мүлктү жана кирешени ыктыярдуу түрдө декларациялоо процессинде сыр сакталат деп ишендирди. Ал эми «экономикалык амнистияны пайдаланбасаңар, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт» деп эскертти.