Жапаров Кара-Кулжа районунун акимин кызматынан бошотту

Дыйканов аким болуп үч жыл эмгектенди.

Өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйкановду кызматынан бошотту. Бул тууралуу 21-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта аким кызматынан конституциянын 89-беренесине ылайык бошотулганы гана жазылган — берене боюнча өкмөт башчы облустардын жана райондордун алмаштырганга укуктуу.

Дыйкановду кызматка 2017-жылы экс-президент Сооронбай Жээнбеков дайындаган. Жээнбеков Дыйкановдун жердеши, экөө бир райондо туулуп-өскөн.

Садыр Жапаров бийликке келгенден соң Жээнбековдун убагындагы кадрларды кызматтан ала баштады. Ал Ысык-Көл облусунан башка бардык облус жетекчилерин алмаштырды.

Жээнбековдун отставкасы

Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккандар тынчыбай койгондуктан жана өлкөдө саясий кырдаал курчуп кеткендиктен кызматтан кетти. Негизинен анын отставкасын Садыр Жапаров жана анын тарапташтары талап кылышты.

Жээнбеков бийлигин тапшырып жатып, «бийликке жармашпай турганын» жана «коомдун тынчтыгы үчүн» ушул кадамга барганын айтты.

Президенттин отставкасы жаңы премьердин алгачкы жана негизги талаптарынын бири болду. 10-октябрда өткөн парламенттин жыйынында Садыр Жапаров президент менен жолукканын, ал бир нече күндүн ичинде ордун бошотоорун убада кылганын кабарлаган.

Андан кийин жаңы өкмөт башчы менен президенттин ыйгарым укуктарын тапшыруу тууралуу сүйлөшүүлөр узакка созулуп кетти.

6-октябрга караган түнү Жогорку Кеңештин имараты басып алынгандан кийин эле митингчилер Жээнбековдун отставкасын талап кылып башташкан. Бирок ошондо саясий маанай ар кандай болгон — бир катар саясатчылар менен активисттер президентке импичмент жарыялоого чакырышкан, башкалары андан өз эрки менен кетүүсүн талап кылышкан. Үчүнчүлөрү өлкө саясий кризистен кийин мыйзам нугуна түшүшү үчүн ал мөөнөтүнүн аягына чейин кызматында калышы керек деп айтып чыгышкан.