Акыйкатчы БШК мүчөлөрүн суракка чакырууну ыйгарым укуктардан аша чабуу деп эсептейт

Акыйкатчы Токон Мамытов Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 21-октябрда суракка чакырылган окуяга реакция билдирип, аны ыйгарым укуктардан аша чабуу деп сыпаттады. Ал күнү БШКга бардыгын суракка келип калууну талап кылган укук коргоо органдарынын кызматкери келген — жанында чакыруу кагазы болгон эмес.

Мамытовдун айтымында, укук коргоо органдары мыйзам чегинде иштеп, ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпашы керек.

«Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кайсы биринин өз ыйгарымдарынан бир аз эле аша чабуу же өз иш милдеттерин талаптагыдай аткарбоосу түзөтүлгүс залакаларга алып келиши ыктымал», — деп билдирди акыйкатчы.

Ал БШК бул Конституциялык жана көз карандысыз орган экенин, анын иши «укук коргоо органдарынын жетекчилиги же кызматкерлеринин жеке калоосу же чечмелөөсү менен эмес», мыйзамдар менен аныкталаарын кошумчалады.

Мындан тышкары, акыйкатчы ИИМге кайрылып, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамына ылайык, шайлоого даярдануу учурунда БШКнын мүчөсүнө карата кылмыш ишин Башкы прокуратура гана козгой ала турганын эскертти.

«Бул окуя, анын жүрүшү жана аны чечүүдөгү ИИМ колдонгон ыкмалар Башкы прокуратура тарабынан каралып, тескөөгө алынышы керек»», — дейт Мамытов.

21-октябрда милиция кызматкери Боршайкомдун имаратына келип БШКнын мүчөлөрүн суракка чакырган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова комиссиянын жыйынында аларды 5-6-октябрдагы массалык башаламандык иши боюнча күбө катары суракка чакырышканын билдирген.

Ушул эле маалыматты ИИМден да кабарлашкан. Ошол эле күнү милиция кызматкери келгенге чейин БШКнын мүчөлөрү парламенттик шайлоону 2020-жылдын 20-декабрында өткөрүү сунушун бир добуштан колдогон болчу.

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы митингдер жана Ак үйдү басып алуудан улам жокко чыгарылган.