«Клооптун» командансы Кой-Таштагы окуяларды чагылдырып жаткан учур. Ал окуялардын жыйынтыгында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган.

Кыргызстандагы коррупцияны «Клооп» менен биргеликте иликтөөнү каалайсызбы? Криминал менен ууру аткаминерлердин жүрөгүнүн үшүн алган чоң команданын мүчөсү болгуңуз келеби?

Алгач шыктандыруучу окуяны угуп алыңыз.


Кыргызстанда керемет адамдар жашайт. Көбүнчө татаал, көп учурда коркунучтуу экенине карабай, алардын адилеттүү өлкөдө жашоого умтулганы, калыстык үчүн күрөшкөнү суктандырат.

«Клооптун» командасы 4-октябрда өткөн чуулгандуу парламенттик шайлоодо буга дагы бир жолу ынанды. Биз бүт өлкөдөн 200дөн ашык байкоочулардан турган команда чогулттук. Биздин команда бир катар тренингдерди өткөрүп, убактыбыздын жетишинче окутуп, билгенибизди үйрөттүк. Бирок шайлоо күнү иштин сапаты, команданын даярдык деңгээли кандай болорун эч кимибиз билген жокпуз.

Жыйынтык биз күткөндөн ашып өттү — добуш берүүдөгү мыйзам бузуулардын көптүгүнөн, бүт баарын тексттик трансляцияга чыгарууга үлгүрбөй жаттык. Ал тургай, айрымдары мыйзамды одоно бузуп, добуш сатып алган адамдарды тасмага түшүрүшкөн.

Байкоочуларыбызга арналган системанын көрүнүшү шайлоо күнү ушундай болгон. Ал абдан көп мыйзам бузууларды тапкандыгына байланыштуу биз бүт баарын тексттик трансляцияга чыгарууга үлгүрбөй жаттык.

Биз, албетте, байкоочулар аныктаган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү инстанцияларга кайрылып, расмий документтерди толтурдук. Андан сырткары, кезектеги жолу өлкөбүздө кайдыгер эмес, күчтүү, жалтанбас, Кыргызстандын эркин, коопсуз жана адилеттүү мамлекет болушуна салым кошом деген адамдардардын бар экенине күбө болдук.

Ушундай адамдардын эр жүрөктүгүнөн улам бийлик башындагылар адилетсиз шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аргасыз болуп отурат.


«Клооп» өзүнүн журналистика мектеби менен дагы белгилүү. Мурда дайыма оффлайн окутуп келгенбиз. Тагыраагы, каалоочуларды чогултуп, сабактарды өтчүбүз. Натыйжасы дагы фантастикалуу. «Клооптун» журналистика мектебинин 13 жылдык тарыхында жүздөгөн адамдар окуудан өтүп, биздин бүтүрүүчүлөр кыргыз журналистикасын жаңы, бийик деңгээлге көтөрүштү. Бүгүн биздин өлкө дүйнөлүк аренада таанымал. Иликтөөлөрү тарыхый бурулуштарга таасир эткен сыймыктуу иликтөөчү-журналисттерибиз менен атагыбыз чыкты. Мында биздин журналистика мектебинин салымы чоң.

Байкоочулар менен иштөөдөгү ийгилигибизди журналистика мектеби менен айкалыштырсак кандай болот? Масштабды кеңейтсекчи? Анткени, онлайн окутуу аркылуу 200дөн ашык байкоочуну кыска убакыттын ичинде даярдай алдык. Аларды кеңсеге чогултсак дагы батыра алмак эмеспиз.


Маселени чечүү жолун таптык — биз журналисттик-иликтөө багытындагы онлайн курстарды жарыялайбыз. Катышуучулардын санына чек коюлбайт. Жүздөгөн, миңдеген катышуучуларга эшигибиз ачык.

Сабактар кандай өтүлөт? Сиздерге «Клооптун» эң мыкты иликтөөчү-журналисттери онлайн-окутууларды өтөт. Ошол эле учурда, «Клооптун» журналистика мектебинин негизги артыкчылыгын сактап калабыз — чыныгы иликтөөчүлөр үчүн чыныгы тапшырмалар берилет.

«Клооптун» эксперименталдык дата-бөлүмүнүн мыкты командасынын ишинин натыйжасында, иликтөөгө ала турган өтө көп кейстер табылды. Биздин штаттагы журналисттер бардыгын иликтеп бүтө албайт. “Чийки маалыматтардын” ири топтомун сиздерге иликтөөгө беребиз.

Бул кейстер жана маалыматтар менен иштөө силердин алгачкы иш тажрыйбаңар болуп калмакчы. Ал эми биздин мыкты тренерлер жана редакторлор камкордукка алып, жол көрсөтөт. Практикалык тапшырмалардын бардыгын толук аткарсаңар, «Клоопко» жарыялана турган реалдуу иликтөөнүн авторлошу болуп каласыңар.

«Клооптон» байкоочу болгондор үчүн мектепке катышуу акысыз. Башка каалоочуларга курстун толук баасы бир адамга 2000 сомду түзөт.

Онлайн мектеп 16-ноябрда башталат. 

Кызыктуу бекен? Анда 12-ноябрга чейин бул форманы толтуруп, онлайн мектепке катталыңыз.