Ысык-Көлдүн тоолорунда 1916-жылдагы улуттук боштондук күрөштүн курмандыктарына арналган мемориалдык инсталляция орнотулду. Инсталляция өзгөчө жасалган — ал кинетикалык айкел деп аталат.
Posted by Altyn Kapalova on Tuesday, October 20, 2020
«Шамал болгондо сүрөт “басып баштайт”, ал эми шамал катуу болсо ал жөн гана жоголуп турат», — дейт инсталляциянын авторлорунун бири Алтын Капалова.
Бул эмгек Орус падышачылыгынын колониалдык эзүүсүнө каршы көтөрүлгөндөргө арналат. Көтөрүлүштү жазалоочу отряддардын күчү менен басууга аракет кылышкан. Мындан улам жүз миңдеген кыргызстандыктар Кытайга качууга аргасыз болгон.
«1916-1930-жылдары колонизаторлор тарабынан куугунтукталып, өзүнүн жана жакындарынын өмүрүн сактап калуу үчүн үйлөрүн таштап, чоочун жерге качууга аргасыз болгон миңдеген адамдардын сөөгү Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы тоолордо калган...», — деп жазылган мемориалдык тактада.
Арт-долбоордун үстүнөн Капаловадан тышкары Кина Юсупова да иштеген. Инсталляция жергиликтүү айыл тургундары менен биргеликте Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан Жарылган-Тоо тоосуна орнотулган.
«Бул жер жөн жерден эле тандалып калган жок. Кичинемде чоң атам Жарылган-Тоо — 1911-жылдагы жер титирөөнүн натыйжасында пайда болгон, ал жердеги чакан айыл тоонун урандыларынан алдында калган деп айтып берген. Мен дал ушул жер символикалуу жана кайгылуу болот деп ойлодум. Анткени аргасыздан тоо таянып качкан кыргыздар баскынчы аскерлеринин огунан гана эмес, татаал климаттык шарттан улам дагы көз жумган», — дейт Капалова.
Автордун айтымында, Кытайга багыт алган кыргыздар көп кыйынчылыктарга дуушар болгон. Алар көк жалтаң музга, аска-зоого, бийик жарларга жана ачарчылыкка кабылышкан.
«Мөңгүлөр менен ичке капчыгайдан өтө албай кыргыздар мал-жаны менен кошо жардан кулашкан. Өтө бийик жерлерден токтогонго болбойт эле, анткени аба жетпей калмак. Басайын десе ал-күчү жок. Ошентип бир кесим нанды бала-чакасына калтырып, далайлар тоолордо тоңуп өлгөн», — дейт Капалова.
Ал улуттук боштондук күрөштө курман болгондордун элесин эстеп жүрүү үчүн кыргыздардын башынан өткөн оор күндөр тууралуу үй-бүлөлүк эскермелер топтолгон интернет-платформа түзүүнү пландап жатканын белгиледи.
«Бул визуалдык баяндоочу окуялардын музейи болот. Мен жайы бою окуяларды чогулттум, чоң ата, чоң энелери элге кошулуп Кытайга качкан өз ата-энемдин үй-бүлөсүнүн тарыхын иретке келтирдим», — дейт Капалова.
1916-жылдагы Үркүн окуясы Орус империясыяна каршы эң ири көтөрүлүш болгон. Анда колониялдык эзүүгө, милдеттүү салыктарга, кемсинтүүлөргө чыдабаган Борбор Азиянын эли боштондук үчүн күрөшкө аттанышкан.
Кыргызстанда 2016-жылы «Ата-Бейит» комплексинде көтөрүлүштүн курмандыктарын эскерүү мемориалы орнотулган.
Үстүбүздөгү жылы Каракол шаарында да ашуудан өтүп бара жаткан элди сүрөттөгөн монумент орнотулган.