Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бюджетти толтуруу жана өлкөнүн тышкы карызын төлөө үчүн «экономикалык мунапыс» жарыялады. Ал коррупционерлерге, анын ичинде мыйзам бузган аткаминерлерге жана ишкерлерге уурдалгандарды ыктыярдуу түрдө кайтарып берүүнү сунуштап, ал үчүн жазага тартуунун бардык түрлөрүнөн бошотуууну жана купуялуулукту убада кылууда.

Жапаровдун расмий билдирүүсү толугу менен бул жерде.

Бул мунапыстын эмнеси мандемдүү экенин түшүндүрүп беребиз.

Кыскача

Жапаровдун «экономикалык мунапысы» учурдагы мыйзамдарга каршы келет. Ал эми калганы, анын ичинде Райымбек Матраимовго мунапыс колдонуу, ал карама-каршы келген мыйзамдар өзгөртүлүп же өзгөртүлбөгөнүнөн жана бул мунапыстын текстти өзгөртүүсүз калар-калбасынан көз каранды болот.

Кененирээк

Экономикалык мунапыс деген эмне?

Экономикалык мунапыс — бул адамдардын экономикалык кылмыштарын адалдаштыргандан кийин кечирүү. Бул, мисалы, сиз кыймылсыз мүлкүңүздү жашырып келсеңиз, андан соң өз эркиңиз менен декларацияда көрсөтсөңүз, жаап-жашырганыңыз үчүн жазага тартылбайсыз деген кеп. Дал ушундай окуя 2007-жылы болгон. Дагы бири 2015-жылы, кыргызстандыктардын салыкты өз учурунда төлөбөгөндүгү үчүн айыптарын кечкенде катталган.


Экономикалык мунапыс жазыктуу кылмышты кечирүүнү түшүндүрбөйт.


Келгиле, азырынча бул тууралуу унута туруп, Жапаровдун билдирүүсүн талдап чыгалы.

Коррупционерлер үчүн мунапыс?

Башка нерселерден тышкары, Жапаров коррупционерлерге, эгер алар өздөрү схемаларын ачыкка чыгарып, тийгизген зыяндарынын бардыгын төлөп беришсе мунапысты убада кылууда.

Биринчиден, экономикалык мунапыс кылмыш жазасына тартуудан бошотууга ылайыкталган эмес.

Экинчиден, учурдагы мыйзамдар боюнча коррупционерлерге мунапыс берилбейт.

Бир жолу өтө турган акция

Жапаров схемаларды ачыктоого жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга 30 күн берип, мунапыс «бир жолу гана» колдонулат деп эскертти.

Мыйзам боюнча, мунапыс ага кол коюлганга чейин жасалган бардык кылмыштарга колдонулат. Ошондуктан, эгер мунапыс колдонула турган болсо ал бир күндө эле болуп калбайт. Мунапысты ал күчүнө киргенге чейин кылмыш жасагандардын баарына колдонушу мүмкүн. Ал качан болору азырынча белгисиз.


Кошумча, мунапыс колдонуу премьер-министр же президенттин эмес, соттун чечими аркылуу ишке ашат.


Кол тийбестик жана купуялуулук

«Мен декларациялануучу мүлктөр менен кирешенин кол тийбестигине КЕПИЛДИК БЕРЕМ. Мүлктү жана кирешени ыктыярдуу түрдө декларациялоо процессинде сыр сакталат», — деп жазылган Жапаровдун расмий билдирүүсүндө.

Биз буга чейин айткандай, Жапаров эч нерсеге кепилдик бере албайт. Анткени мунапыс жарыялоо чечимин сот гана кабыл алат.

Кайсыл адамга мунапысты кандай жол менен колдонууну бир гана сот чечет. Биринчиден, адамга карата мунапыс колдонуу үчүн, ал күнөөлүү деп табылып же ага карата тергөө иштери башталууга тийиш. Экинчиден, мунапыс бардык эле учурда жазадан толугу менен бошотпойт. Ал жазанын айрым бөлүктөрүн жеңилдетиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, коррупция үчүн мунапыс негизи эле каралган эмес.

Жапаровдун билдирүүсүндө, коррупциядан башка кылмыштар так көрсөтүлгөн эмес. Бирок азыркы мыйзамда мунапыс каралбаган 41 учур көрсөтүлгөн.

Матраимовдор эмне болот?

Азыркы учурда, бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов коррупция боюнча айыпталып, УКМКнын болжолдуу эсеби боюнча 2 млрд сомго чукул мамлекетке келтирген зыянды төлөп берүүгө макул болду. Эгерде Матаримов күнөөлүү деп табылса, ага карата мунапыс колдонулабы — бул суроо жоопсуз калууда.

Жапаровдун мунапысы иштеши үчүн аны мыйзам долбооруна жол-жоболоштуруп, коомдук талкууга чыгарыш керек, андан соң парламентте үч уктуруу өтөт — буга бир айдан ашык убакыт кетет жана ал убакыт ичинде текст өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Матраимов күнөөлүү болуп табылды деп элестетип көрөлү. Мындай учурда окуя бир нече вариантта өнүгүшү мүмкүн.

Биринчи вариант — Жапаровдун мунапысы бир нече башка мыйзамдарга каршы келгендиктен, алгач ошол мыйзамдарды өзгөртүш керек болот. Эгер ал мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, мунапыстын шарты азыркы бойдон калса, анда Матраимов ага кабылып калышы мүмкүн жана «жазанын бардык түрүнөн» бошотулушу ыктымал.

Экинчи вариант — парламент жана президенттин милдетин аткаруучу мыйзамга каршы келген учурларга көз жумуп, Жапаровдун мунапысын өзгөртпөстөн кабыл алат. Андай болсо, сотто эки тандоо жаралат: Жапаровдун мунапысын Матраимовдун ишине колдонуп, кылмыш жообунан бошотот же эркинен ажыратуу мөөнөтүн кыскартат. Анткени башка мыйзамдар буга жол бербейт.

Үчүнчү вариант — Жапаровдун мунапысы колдонуудагы мыйзамга каршы келгендиги үчүн таптакыр кабыл алынбайт же карама-каршылыктар болбой тургандай кылып тексти өзгөртүлөт. Мындай болсо, Матраимов мунапыска илинбейт. Дароо эле колонияга барышы керек.