Мурдагы башкы прокурор жана алтынчы чакырылыштын мурдагы депутаты Аида Салянова, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон конституциялык мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү чечимди сынга алды.
Урматтуу мекендештер!Барыбыздын көз алдыбызда кыргыз тарыхынын жаны барактары ачылып жатат. Тилекке каршы мактана...
Posted by Аида Салянова on Friday, October 23, 2020
«Узурпация деген бул бийликти күч менен басып алуу, ашыкча функцияларды ыйгарып алуу же болбосо бийликтин мөөнөтүн өз билемдик менен узартып алуу дегенди түшүндүрөт. Парламенттин мөөнөтү Конституцияда 5 жыл деп так көрсөтүлгөн. Андан бир дагы күн ашпашы керек. Элге өзүн өзү дагы жарым жыл таңуулоо бул накта узурпация. Кеп айлыкта эмес, кеп мандатта. Эл берген мандаттын мөөнөтү 28-октябрда бүтөт. 29-октябрдан баштап элдин атынан чечим чыгарууга силерде укук жок», — деп ал мурдагы кесиптештерине кайрылды.
Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, ЖКнын жетинчи чакырылышына депутаттарды тандай турган жаңы парламенттик шайлоонун күнү 1-июнга чейин аныкталат. Ага чейин конституциялык реформа жүргүзүлмөкчү. Жапаров өз кезегинде, кыргызстандыктарга кайрылып, кайрадан парламенттик шайлоо же жаңы шайлоо мартка чейин өткөрүлөт, мыйзамда убакыт «запас» менен көрсөтүлгөн деп билдирүүгө шашылды.
Кабыл алынган мыйзамга ылайык, «Президентти жана депутаттарды шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин күчү токтотулду. Көрсөтүлгөн беренелер депутаттарды кайрадан шайлоо тартибин аныктайт.
Салянова Жапаровдун конституциялык мыйзамга киргизген өзгөртүүлөрү баш мыйзамга каршы келерин жана өлкөнүн аброюна кедергисин тийгизет деди. Ал болуп жаткан окуяларды «өтө кооптуу прецедент» деп атады.
«Кийин президенттин дагы иш мөөнөтүн ушундай узартып койсо боло берет экен деген күн келип калышы толук мүмкүн», — деп эсептейт Салянова.
Салянова алтынчы чакырылыштын депутаттарын президенттер өз кызыкчылыктары үчүн колдонушту деп билдирди.
«Бизди дагы жарым жыл колдонуп алгыла деп макул болгонуңар өзүңөргө жийиркеничтүү эмеспи? Легитимсиз парламент легитимдүү чечимдерди жарата албайт!» — деп жазды экс-депутат.
Бир күн мурда шайлоолорду мөөнөтүн жылдырууну жана референдум өткөрүүнү парламенттин депутаттары жактырышкан. Депутаттар кезексиз президенттик шайлоонун күнүн белгилөө жана шайлоо мыйзамдарына түзөтүү киргизүү үчүн чогулган болчу. Бирок 10 депутат шайлоолорду жазга калтырып, референдум аркылуу парламенттик же президенттик башкарууну аныктап алуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелешкен.