Маданият министрлиги мамлекеттик мекемелерге музейге караштуу сүрөттөрдү илүүгө тыюу салды

Маданият министри Нуржигит Кадырбеков мамлекеттик ишканаларга музейдин экспонаттарын берүүгө тыюу салган жарлыкка кол койду. Министр Ак үйдөн сегиз баалу сүрөт, анын ичинде Сүймөнкүл Чокморов жана Гапар Айтиевдин эмгектери жоголгондон кийин маммекемелердин имараттарынын ичин искусство буюмдары менен кооздоого тыюу салды. Буга чейин мамлекеттик мекемелердин ичин жасалгалоодо музейлер фондунун эмгектери пайдаланылып келген.

6-октябрга караган түнү, тагыраагы Ак үй басылып алынгандан кийин сегиз сүрөт жоголгон. Митингдин эртеси күнү эле парламенттин имаратына музейдин кызматкерлери келип, ревизия жүргүзүп сүрөттөрдү издешкен. Алар өкмөт үйүнүн талкаланган абалын көрүү үчүн келген ондогон адамдарга жумуштарына тоскоолдук кылбоону жана музейдин менчигине тийбөөнү өтүнүшкөн. Ал кезде имараттагы өрт өчүрүлүп, жүздөгөн документтер айрылып, эмеректер жана айнек-терезелер талкаланган абалда болгон.

6-октябрдагы окуялардан кийин 12 сүрөт табылган. Алар учурда музейдин кампасында кармалып турат. Төрт сүрөт сүрөт жараксыз болуп калган. Алар Абдырай Осмоновдун «Жайлоодо», Мырза Өмүркуловдун «Советтик аянт», Батыр Жалиевдин «Жайлоодо» жана «Ошто совет бийлигинин орношу» аттуу сүрөттөрү.

После захвата «Белого дома» силами протестующих пропали картины из фондов КНМИИ им. Г. Айтиева. Министерство...

Опубликовано Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Вторник, 13 октября 2020 г.

Гапар Айтиевдин «Чолпон-Атадагы кеч» деген сүрөтү да жоголгон. Мындан тышкары, Сүймөнкул Чокморовдун «Гүлдөө» жана «Фазан тартылган пейзаж», Петр Куринскихтин «Ардагердин үй-бүлөсү», Сүйүтбек Төрөбековдун «Базар», Александр Духаниндин «Коммунизм» жана Сабырбек Акылбековдун «Жээк» деген эмгектери да жок болуп чыккан. Ошондой эле дайынсыз болуп аткан сүрөттөрдүн арасында Леонид Дейманттын «Пржевальск шаарындагы ат майдан» аттуу сүрөтү да бар.

Гапар Айтиев музейи мындан аркы иликтөө үчүн документтерди укук коргоо органдары менен бажы кызматына өткөрүп берген. Анткени эмгектерди сатыкка чыгаруу үчүн чет өлкөгө чыгарып кетүү аракети да болушу мүмкүндүгүнө шек бар.