ТИМ: Кыргызстан Канттагы орус авиабазасын кеңейтүү боюнча сунуштарды карап чыгууга даяр

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусияга барган сапарында «РИА Новости» басылмасына маек куруп, өлкөдөгү саясий жана экономикалык коопсуздук тууралуу айтып берди. Казакбаев Кант шаарындагы орус авиабазасын «өлкөдөгү коопсуздуктун гаранты» экенин белгилеп, Кыргызстан анын кеңейтүү маселесин карап чыгууга даяр экенин билдирди.

«Эгерде Орусия же ЖККУ [Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму] базаны кеңейтүү боюнча маселени демилгелесе биз бул тууралуу сүйлөшүүгө даярбыз. Ошондо, албетте, биз аны талкуулайбыз», — деди Казакбаев.

Ал Кыргызстан, ЖККУнун мүчөсү катары, сырткы басымга туруштук берүү үчүн уюмдун башка катышуучуларынын колдоосуна ишенгенин белгиледи.

«ЖККУнун түздөн-түз уставдык функциясы — өзүнүн мүчөлөрүн жана өнөктөштөрүн сырткы агрессиядан коргоо. Мисалы, өз убагында Кыргызстанда эки чет өлкөлүк базалар биздин борборду коргогон. Бизде Бишкек дүйнөдөгү эң коопсуз шаар деген анекдот да болчу — себеби аны бир жактан америкалык база, экинчи жактан орусиялык база коргоп келген», — деди Казакбаев.

Орусиялык база

Орусия Кыргызстан менен 2003-жылы 15 жылга келишим түзүп, Жааматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында Кант шаарында авиациялык базаны негиздеген.

Анын негизги максаттарынын бири — бул региондогу коопсуздукту камсыздоо үчүн орусиялык аскерлерди жайгаштыруу болгон.

Кыргызстандагы орусиялык бириккен базага бир нече объекттер кирет: Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы аскердик сыноо базасы, Чалдыбар айылындагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суу шаарындагы сейсмикалык пункт.

Ал эми базаны колдонуу тууралуу документке 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган. Келишим 15 жылга түзүлгөн. Эгерде келишим бүтүп, эки тараптын бири аны токтотуу тууралуу билдирүү бербесе — ал автоматтык жол менен 5 жылдык мөөнөткө узартылат.

2016 жана 2017-жылдары орусиялык тарап ижарага алган жерде эки тараптуу топографилык съемка жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында орусиялык тарап келишимдеги өлчөмгө караганда 58,32 гектарга көбүрөөк жерди иштетип жүргөнү белгилүү болгон.

«Протокол күчүнө киргенден кийин төлөнүчү сумма 4 794 095 долларды түзмөкчү», — деп берилет документте.

Ошондой эле, ижарага берилген жердин аянты көбөйгөнүнөн улам анын наркы 291 600 долларга көбөйтүлгөн. Мындан сырткары, бул протокол күчүнө киргенден тарта Орусия иш жүзүндө колдонгон жер аянтынын 2012-жылдын 20-сентябрынан баштап ижара акысын Кыргызстанга кайтаруу боюнча ишти уюштурат.