«Балаты тигип, капсула салды». Садыр Жапаров алгачкы иш сапары менен аймактарга барды

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров 25-октябрда биринчи иш сапары менен Нарын облусуна барды.

Жапаров Нарын облусундагы Мантыш айылына курулуп жаткан социалдык айылдын пайдубалын түптөөгө капсула салып, балаты тикти.

Жапаров социалдык кыштактын мындай курулуш долбоору ал үчүн «абдан маанилүү» экенин билдирди.

«Бул менин аймактарга болгон алгачкы иш сапарым. Ал мен үчүн абдан маанилүү. Айыл жери үчүн мындай объектинин курулушу – бул чоң жаратман процесс, бул жеке мен үчүн да мааниси зор саналат», — деди Жапаров.

Социалдык кыштак үч гектар аянтка жайгашып, анда заманбап жабдуулары жана инфраструктура менен жабдылган чакан шаарча курулмакчы. Ошондой эле социалдык айылда бала-бакча, мектеп, төрт турак жай, футбол аянты жана эс алуу паркы курулат.

Кыштактын курулушу толугу менен Катардын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунда «Катар Чарити» кайрымдуулук уюмунун эсебинен каржыланууда. Кыштак 2022-жылдын аягында курулуп бүтөт деп пландалууда.

Өкмөттөн билдиришкендей, социалдык айылдын курулушу кадрларды тартуу, айыл тургундарын таза суу менен камсыздоо көйгөйлөрүн чечүүгө өбөлгө болот.

Жапаров капсула салуу боюнча иш-чарада Катардын уюму уруксаат документтерин алуу үчүн жарым жыл убакыт короткон жана аталган долбоордон «пайда табуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар жаратышкан» деп айтты. Бирок ал бул кимдер тарабынан болгонун тактап билдирген жок.

«Биз буга кескин каршы турабыз. Мындайга жол берилбеши керек. Биздин эшик инвесторлор үчүн ар дайым ачык», — деп билдирди Жапаров.

Садыр Жапаров 16-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алып, ал эми парламенттин спикери Канат Исаев өлкө башчысынын милдетин аткаруудан баш тарткандан кийин ага президенттин милдетин аткаруу озуйпасы өткөн.

Ага чейин депутаттар Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитишкен болчу, ал эми Жапаров бул кызматка келгенден кийин көп өтпөй эле Сооронбай Жээнбеков макулдашуу боюнча отставкага кетиши керек деп билдирген.

Жапаров 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы нааразычылык митингдердин шартында бийликке келген. Жапаровдун тарапташтары аны 6-октябрга караган түнү колониядан бошотушкан — ал адамдары барымтага алуу айыбы боюнча 10 жылдык жазасын өтөп жаткан болчу.