Чүй районунун Садовое айылындагы Иса Үкүев атындагы орто мектеп 1997-жылы толук бүтүшү керек болчу. Бирок андан бери иш ордунан козголо элек. 2012-жылы тендер жарыяланып, аны «Гетест» фирмасы утуп алган. Бирок алар бюджеттен акча толук бөлүнбөгөндүктөн ишти аягына чыгара албай жатканын айтып, ишендиришүүдө.

Баштапкы тендерди уткан компания белгисиз

Чүй районунун акими Канатбек Апбасов бул мектептин курулушу 1991-жылы башталганын айтты. Ал учурда кайсы фирма тендерди утуп алганы тууралуу азыркыга чейин так маалымат жок экенин кошумчалады. Бирок мектеп толук бүтпөй туруп эле 1997-жылы колдонууга берилген.

Иса Үкүев атындагы орто мектеп

1100 калкы бар Садовое айылында 350 бала мектепке барат. Алар мектептин үчүнчү кабаты толук бүтпөгөндүктөн 2 нөөмөт менен окушат. Ошондой эле, мектептин бир тарабы бала бакча үчүн берилген.

Мектептин курулушу 1997-жылы эмне себептен бүтпөй калганы тууралу так маалымат жок. Чүй облустук Турак-жай жарандык курулуш департаменти (ТЖЖКД) тарабынан курулуш ишин аягына чыгаруу үчүн 2012-жылы тендер өткөрүлгөн. Бюджеттен акча бөлүнбөгөндүктөн мектептин 60%ы гана бүткөрүлгөн.

Мектептин азыркы директору Замира Мамбетованын директор болуп келгенине 3 жыл болгон. Анын айтымында, мектеп башында 504 орунга ылайыкташып салынып жаткан. «1997-жылы бул мектепти толук бүттү деп окуучулар окуп баштаган. Бирок биринчи, экинчи кабаты эле бүтүп, ал эми чогулуш залы, ашканасы бүткөн эмес» дейт Мамбетова.

Ал буга чейинки директорлор дагы мектепти толук бүткөрүү үчүн тийиштүү жерлерге кайрылышканын, бирок эч кандай жыйынтык болбогонун кошумчалады. Мамбетова азыр мектептин үчүнчү кабатынын кирпичтери сынып түшүп жатканына кейийт.

«5-6 жыл мурун мектептин шиферин которушкан. Үчүнчү этажын бүтүрөбүз деп пластик терезелер салынып, электр чубалгылары толук алмаштырылган. Ошол жумуштары аткарылгандан кийин токтоп калыптыр, эмне себептен токтоп калганын мен билбейм», — дейт Мамбетова.

Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Эркин Абдыразаков мектепти куруп бүтүү үчүн 2012-жылы республикалык бюджеттен акча каралганын билдирди. Долбоордук-сметалык документтери «Архипринт» ЖЧКсы даярдаган. Сметалык баасы болжол менен 35 млн сомду түзгөн.

Турак-жай жарандык курулуш департаменти тарабынан курулуш иштерине тендер өткөрүлүп, «Гетест» компаниясы менен 15 млн сомго келишим түзүлгөн.

Абдыразаков 2015-жылы Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жаңыдан ачылгандан кийин бардык иш кагаздары өткөрүлүп берилгенин айтты. Курулуш иштерине келишимдин негизинде 2 млн 281 миң сом бөлүнүп, 2 млн 473 миң сомдук жумуш аткарылган.

«Бүгүнкү күндө (эксплуатация) уруксат кагазы жок болгондугуна байланыштуу долбоор мамлекеттик экспертизанынын кароосунан өткөрүлбөй турат. Бул тууралуу айыл өкмөтүнө жана Чүй районунун акимине дагы бир нече жолу кайрылганбыз, жооп жок», — деди ал.

«Бюджеттен акча бөлүнбөй токтоп калды»

«Гетест» фирмасынын директорунун орун басары Аваз Карабаев «Клоопко» берген маегинде бюджеттен акча бөлүнбөй жумуш токтоп калганын айтты. Алар жумушту ашыгы менен аткарып, фирма өзүнүн 140 миң сомун дагы курулушка короткон.

«2012 -жылы август айында долбоор түзүлгөн. Болжолдуу наркы 42 млн сомду түзөт. Бюджеттен акча толук бөлүнбөгөндүгүнө байланыштуу курулуш иштери токтотулган. Акча котортуу үчүн подрядчиктер кандайдыр бир жактарга кайрылганга акысы жок. Себеби тиешелүү жактарга айыл өкмөттөр кайрылышы керек», — деп түшүндүрдү ал.

Чүй районунун Садовое айылынын башчысы Максат Тиленов «Клоопко» акча которуу айыл өкмөттүн карамагында болбогондон кийин кийлигише албастыгын билдирди.

«Азыркы учурда 60%ы бүткөн. Толук бүтүрүүгө айыл өкмөттү кийлигиштирбейт экен. Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан акча бөлүнүп жаткандан кийин бизди аралаштырышкан жок. Курулушка канча сом кеткендиги тууралуу бизде так маалымат жок», — деп билдирди айыл башчы.

Кышында караңгыда калган окуучулар

Ал ортодо мектептин бүтпөй жатышынан окуучулар гана кыйналууда. Айыл тургуну Клара Есеркамышова апанын тогуз небереси мектепте окуйт. Кышында неберелери карангыга чейин калып калаарын билдирди.

«Айылда бала-бакча дагы жок болгондуктан бир капталын бала-бакча кылып коюшкан. Класстар жетишпей кышында карангыга чейин окуп калышат. Мектеп бүткөнчө башка жерлери жарактан чыга баштады. Мектептин дааратканасы урап түшкөнө калганда ата-энелер болуп «жок дегенде ушул даараткананы бүтүрүп бергиле» деп кайрылганбыз. Тендер жарыяланып ошол даараткананы салып жатышат. Ушул мектепти толук бүтүрүп беришсе жакшы болмок», — дейт айыл тургуну.