Кеңешбек Дүйшөбаев: Жапаровго Матраимовду бошотууга ыйгарым укуктарды ким берди?

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев 27-октябрда маалымат жыйын куруп, кызматтан эмне үчүн кеткенин түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, жаңы бийлик эскилердин жолуна түшүп алды. Өлкө болсо чоң трагелиянын алдында турат жана социалдык-экономикалык кырдаал курчуп баратат.

Ошондой эле Дүйшөбаев президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун аракеттерин «ыраатсыз» деп атап, ошондуктан кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алды дейт.

Мурдагы катчы билдиргендей, ал командасы менен эң көйгөйлүү суроолорду аныктоого аракет кылып документтерди Жапаровго берген. Алардын негизгилери коррупция менен күрөшүү жана акчаларды кайтаруу, Матраимовдор менен күрөшүү, өкмөт аппаратын кыскарттуу жана чыгымдарды оптималдаштыруу болгон.

«Биз аналитикалык жазууларды даярдап президенттин милдетин аткаруучунун атына жибергенбиз. Алар коронавирус инфекциясына каршы күрөш, криминалдын таасири, чек араны коопсуздугун бекемдөө чаралары, финпол жана ЖАМКтын иши жана Коопсуздук кеңешинин ишин жакшыртуу боюнча болчу», — деди Дүйшөбаев.

Анын айтымында, Жапаровдон сунуштар боюнча жооп болгон эмес. Анын ордуна жаңы өкмөт саясий жана социалдык экономикалык маселелерди кароонун ордуна кызмат орундарын жана стратегиялык объектилерди бөлүштүрүү менен алек болгонун айтат.

«Биз коопсуздук кеңешин өткөрүүнү сунуштадык. Чараларды жана иш-аракеттерди күттүк, бирок баары текке кетти. Каттар карала элек жана алар боюнча кыймыл аракеттер жок. Бийликтин бардык вертикалдарында түшүнүксүз кыймылдар жана жоопкерчиликсиздик байкалат. Эл бардык кыйынчылыктар менен кимге кайрыларын билбейт», — деп белгиледи Дүйшөбаев.

Мурдагы катчы коррупцияга каршы иш-чараларды «театрлаштырылган көрсөтүүлөр» деп атады.

«Биздеги «коррупция жана криминалитет менен күрөшүп жатабыз» деген иш-чаралардын баары эле театрлашкан шоуга айланып калды. Мисалы, коррупция багытында Райымбек Матраимов жөнүндө көп сөз болду эле – 700 миллион доллардын чыгарылып кетиши тууралуу «Азаттык» жүргүзгөн иликтөө, эл аралык жүк ташуудагы ар кандай иштер жана соода тармагындагы көмүскө схема жөнүндө. Жакында эле көрдүңөр, аны кармап, сурактан кийин чыгарышты. Ошол жерден «Матраимов күнөөлүү экен, анын кылмыш ишинен мамлекетке эки миллиард сом зыян келиптир, 80 миллионун төлөй баштады» дешти. Матраимовго буга чейин бир да кылмыш иши козголбосо, анда каяктан жүрүп анын күнөөсү такталды? Ким тактады? Кантип тактады? Элге чыгарышпайбы, ошону. Бүгүнкү күндө Матраимов күнөөлүү деген айып коюла элек да. Жапаров аны кетпөө тил каты менен бошотуу чечимин жеке өзү кабыл алгандыгын билдирди. Бирок ага бул ыйгарым укуктарды ким берди? Ал киши, эмне, прокурорбу? Сотпу? Тергөөчүбү? Конституцияда анын андай ыйгарым укугу жок да. Укуктук негизге бул канчалык жатат?» — деп суроо салды Дүйшөбаев.

Дүйшөбаевдин айтымында, шаардык сот белгилүү кримавторитет Камчы Көлбаевди бошотот деген ыкчам маалымат бар. Анын кармалышы дагы кенен жарнамаланган деген пикирде.

«Ал бошотулушу керек, антпесе кылмыш дүйнөсү бийлик өзүнө алган милдеттерин аткарууну талап кылууну көздөйт», — деди ал.

Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев аталган ишке 15-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дайындалган. Бирок 26-октябрда ал кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган. Эртеси күнү Жапаров аны иштен алып, ордуна Рыскелди Мусаевди дайындады.