Сүрөт: Бекжан Асылбек уулу

«Клооп Медиа» коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу астында кышкы онлайн журналистика мектебине кабыл алууну баштады.

Коронавирус пандемиясынан улам мектеп окуучулары жана студенттер аралыктан билим алууну улантып жатышат. Айрым жарандарыбыз да онлайн иштөөгө өтүштү. Эгерде сиз журналистикага кызыгып, бирок билим алууга шартыңыз болбой жүргөн болсо анда бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!

Өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу жана айрыкча шайлоо алдында ар түрдүү жалган маалыматтар социалдык тармактарда көбөйөт эмеспи. Биздин мектепте сиз маалыматты тактап, аны текшергенди үйрөнө аласыз.

«Клооп Медианын» онлайн журналистика мектеби пандемияга байланыштуу онлайн форматта өткөрүлөт. Ошондой эле бул курс мурдагы мектептерге салыштырмалуу интенсивдүү өтөт. Бир апта теория, беш апта практика болот. Мектепти ийгиликтүү аяктагандарга сертификат берилет.

Эмне үчүн «Клооптун» журналистика мектебин тандоо керек?

Биздин мектепте мультимедиалык журналистиканы үйрөнөсүз. Анда текст жазуудан тышкары фотосүрөт тартууну жана видео репортаждарды даярдоону өздөштүрүп, медиа сабаттуулук жана медиа мыйзамдары тууралуу маалымат ала аласыз.

Биздин гана мектепте сиз окуунун экинчи жумасынан тарта респонденттен интервью алып, жаңылык жаза аласыз.

Элвира Султанмурат кызы

Онлайн журналистика боюнча тренингди «Клооп» басылмасынын кыргыз редакциясынын башкы редактору Элвира Султанмурат кызы өтөт. Султанмурат кызы 2012-2013-жылдары «Клооптун» радио журналистика жана онлайн журналистика мектебин аяктаган. 2017-жылдан тартып штатта иштеп келет.

Журналисттик иш тажрыйбасында 2016-жылы мамлекеттик экспедиция менен Ооганстандын Кичи жана Улуу Памирине барып келген. Cabar.asia аналитикалык басылмасынын Аналитикалык журналистика мектебин аяктаган, ошондой эле Американын мамлекеттик департаментинин IVLP программасы менен АКШга барып, бир канча ЖМКлардын иши менен таанышып, тажрыйба алмашып кайткан.

Жаңылыктарды жазуудан тышкары, өлкөдөгү маанилүү окуяларды жеринен чагылдыра аласыз — ал үчүн биз керектүү ресурстар менен камсыздайбыз.

Хамидулло Узаков

Сизге мобилдик телефондон видео тартып, дүйнөгө түз эфирде чыгууну жана видео менен иштөөнү үйрөтөбүз. Фото жана видео боюнча тренингди «Клооптун» оператор-монтажеру Хамидулло Узаков өтөт. Узаков да онлайн журналистика мектебинин катышуучусу болгон.

Kloop.kg сайтындагы материалдардын авторлору — негизинен биздин мектептин катышуучулары. Алар мектепке келген күндөн тарта жаңылыктарды ири аудитория үчүн жаза алышат. Катышуучуларыбыз социалдык көйгөйлөрдөн тартып, саясий темаларда макала, видео даярдашат.

«Клооп Медианын» кышкы журналистика мектеби 2020-жылдын 16-ноябрында башталып 30-декабрда аяктайт. Ага журналистикага кызыккан өлкөнүн бардык жашоочулары катыша алат. Ал үчүн билдирме толтуруп жөнөтүш керек болот. Катышуучулардын жаш курагына чектөө коюлбайт.

Билдирменин негизинде 25 катышуучу журналистика мектебине тандалып алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн:

Моб. тел.:

+996 559 300 336 (WhatsApp);

+996 772 300 336

Электрондук дарек: school@kloop.kg

Дарегибиз: Алиев көчөсү, 161А, Ош шаары, Кыргыз Республикасы

Кышкы журналистика мектебине катышуу үчүн төмөнкү онлайн билдирмени толтуруп жөнөтүү керек. Билдирмелер 8-ноябрга чейин кабыл алынат.