Акылбек Жапаров: Садыр Нургожоевичтин чечимине баш ийебиз

Президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров 27-октябрда кеңешичиси, депутат Акылбек Жапаровду кызматтан алганын билдирген. Мындай чечимди жаш саясатчы Темирлан Султанбеков менен «Азаттыктын» берүүсүндө кайым айтышканы менен байланыштырган.

Ал эми депутат Жапаров парламенттин 28-октябрдагы жыйынында өлкө башчысынын милдетин аткаруучунун чечимине баш ийерин айтты.

«Садыр Нургожоевич кайсы чечим кабыл албасын кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн чечим кабыл алат деп эсептейм жана баш ийебиз. Бул жерде көпчүлүктөн кетип калды окшойт. Өзүлөрүнөн дагы. Бирок "Азаттыктын" балдары кечирим сурап келгенден кийин мен дагы макул деп өзүмдөн кеткени үчүн да кечирим сурап койдум», — деди ал.

Темирлан Султанбеков Акылбек Жапаровду «акмак» деп атап, Садыр Жапаровду «аңга алып бараткандардын бири» деп сындаган. Буга жооп кылып Жапаров Султанбековду «бирөөлөрдүн канчыгы» деп атаган.

«Үч күн мурунку теледебатын көрдүм. Темирлан Султанбеков деген жаш бала менен айтышып жатыптыр. Ошол жерде адепсиз сөздү сүйлөгөнүн өз кулагым менен уктум. Акылбек Жапаровду үч күндөн бери издеп таппай атам, жумушка келе элек. Бүгүнтөн баштап ал менин кеңешчим болбойт», — деген Садыр Жапаров.

«Социал-демократтар» партиясынан талапкер болгон Темирлан Султанбеков Садыр Жапаров баштаган өкмөттө иштөөдөн баш тартканын билдирген. Анын айтымында, буга министрлер кабинетинин легитимдүүлүгүнөн күмөн санаганы себеп болгон.

Султанбеков учурдагы өкмөттүн Кыргызстанда чоң реформа ишке ашырууга багытталган так стратегиясы, пландары жана эрки жоктугун белгилеген.