Муфтият: Кыргызстандык зыяратчылар азырынча Сауд Арабиясына бара албайт

Кыргызстан зыяратчылары азырынча Сауд Арабиясына бара албаган 20 өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Сауд Арабиясынын бийлиги өлкөлөрдүн бардыгын мамлекеттин ичиндеги экпидкырдаалга жараша үч топко бөлүштүргөн: «жашыл», «сары» жана «кызыл».

«Жашыл» — эпидемиологиялык кырдаалы жагымдуу өлкөлөр, бул мамлекеттердин жарандарына Сауд арабиясына кирүүгө уруксат берилген. Тизмеге 108 өлкө кирген, анын ичинде Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Кытай, Азербайжан жана Беларус бар.

«Сары» — эпидкырдаалы туруктуу эмес өлкөлөр. Бул мамлекеттердин жарандарына Сауд Арабиясына кирүүгө убактылуу тыюу салынган. Тизмеге 20 өлкө кирген, анын ичинде Кыргызстанда да бар.

«Кызыл» — эпидкырдаалы оор өлкөлөр. Бул мамлекеттердин жарандарына Сауд Арабиясына кирүүгө толугу менен тыюу салынган. Тизмеге 56 мамлекет кирген, анын ичинде Орусия, Украина, Британия жана АКШ бар.

«Кирүүгө убактылуу тыюунун Кыргызстандагы саясий окуяларга тиешеси жок. Бул эпидкырдаалга байланыштуу. Сауд Арабиясынын бийлиги бизге сентябрь айында эле эгер өлкөлөрдүн эпидкырдаалы жагымсыз болсо жарандарга мамлекеттин аймагына кирүүгө тыюу салынаарын айтып эскерткен», — деп кабарлашты дин башкармалыгынан.

Муфтият Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын көрсөткүчү чындап эле жогору экенин белгилеп, бирок абал жакшыраарына үмүт артышаарын билдиришти.

«Сауд Арабиясына кирүүгө тыюу канча убакытка созулаары азырынча белгисиз. Бизге кабарлашкан жок, бирок бул убактылуу», — деп белгилешти муфтияттан.

Сауд Арабиясы зыяратчыларды кабыл ала баштаганы тууралуу 23-сентябрда жарыя кылган. Чет элдик жарандар ажыга 1-ноябрдан тарта гана бара алышат.

Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны сентябрдын аягында өсө баштаган. Октябрь айында Республикалык штаб күн сайын жуктургандардын саны жүздөп саналаарын кабарлай баштаган.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус 57 276 адамга жугуп, анын ичинен 1 138 адам оорудан көз жумду.